Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Балалуу эркек (өзүнүн балдарына карата). – Илгери менин атам да ушул кенде проходчик болуп иштөөчү эле (Сасыкбаев). Кыз атасы – Кулжыгач («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Жалпы эле улгайган эркектерге кайрылганда урматтоо иретинде айтылат. Балбылдатып ата Ильичтин Чырактарын жагамын (Бөкөнбаев). – Ташбай ата, алмасы качан болот? – деди Динар (Сыдыкбеков). 3. Мифтик түшүнүк боюнча үй айбандарынын колдоочусу. Чолпон ата (койдун колдоочусу). Камбар ата (жылкынын колдоочусу). Чычаң ата (эчкинин колдоочусу). Ойсул ата (төөнүн колдоочусу).