АТА-ЭНЕ – туулгандыгы тууралуу китепчеде белгилүү бир балага ата-эне катары жазылган жактар (атасы менен энеси). Ошентип, «А-э-нин» юридикалык түшүнүгү биологиялык түшүнүк менен дал келбей калышы да мүмкүн (м.: жасалма түрдө уруктандырылса).
Ата менен эне; үй-бүлө башчылары. – Ата-энеңе эмне айтайын? – Салам (Акматов).
АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАН АЖЫРАТУУ – сот чечими боюнча балдарды коргой турган укуктук чара; балага аталык же энелик фактыга негизделген баардык укуктардан, анын ичинде тарбиялоо укугунан, балалуу жарандар үчүн белгиленген аргандай жеңилдиктер менен жөлөкпулдардан, карыганда багылуу милдеттеринен айрылуу. Бирок, А. у. а. ата-энелерди баласын багуу милдетинен бошотпойт. Ата-эне (же алардын бири) төмөнкүдөй учурларда ата-энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн: ата-энелик милдетин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн качса; эч себепсиз эле өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн) же дагы башка дарылоо жайларынан, тарбиялоо жайынан, социалдык коргоо жайынан алуудан баштартса; ата-энелик укугунан кыянаттык менен пайдаланса ж. б.; балдарга мыкаачылык менен мамиле жасаса, анын ичинде алардын жыныстык колтийгистигин бузса; аракечтик менен баңгиликтин өнөкөт оорусуна чалдыкса; баласынын же жубайынын өмүрүнө же денсоолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса; эрезеге жетелек балдарынын селсаяк болуп кетишине жол берсе.
АТА-ЭНЕЛИК УКУКТУ ЧЕКТӨӨ – КР үйбүлө мыйзамдарына ылайык, соттун чечими менен колдонулуучу, баланы ата-энелеринен (алардын биринен) аларды ата-энелик укуктарынан ажыратпастан туруп алып коюуда турган балдарды коргоо чаралары. Эгер баланы ата-энелери (алардын бири) менен калтырып коюу, ата-энелерге (алардын бирине) байланышпаган жагдайлар (жин оорусу же башка бир оор жагдайларга алып келүүчү өнөкөт илдет) боюнча бала үчүн коркунучтуу А-э. у. ч-гө жол берилет. Ошондой эле эгер баланы ата-энелери (алардын бири) менен калтыруу алардын жүрүм-турумдарына байланыштуу бала үчүн коркунучтуу болуп саналса, бирок ата-энелерди (алардын бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратууга жетишерлик негиздер аныкталбаган учурларда да ата-энелердин укуктарын чектөөгө жол берилет. Эгер соттун А-э. у. ч. жөнүндөгү чечими чыккандан тартып 6 ай өткөндөн кийин дагы ата-энелер (алардын бири) өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртпөсө, асыроо жана багып алуу органы аларды ата-энелик укутарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга милдеттүү. Баланын кызыкчылыгы үчүн асыроо же багып алуу органы бул мөөнөт аяктаганга чейин да ата-энелерди (алардын бирин) укуктарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга акылуу. А-э. у. ч. жөнүндөгү доо баланын жакын тууганы, мыйзам тарабынан жашы жетелек балдардын укуктарын коргоо жүктөлгөн органдар жана уюмдар, билим берүү мекемелери, ошондой эле прокурор тарабынан коюлушу мүмкүн.