Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бирине-бири эрегишүү; биринен бири калышпоого тырышуу. Айылда жаштайынан бирге өскөн Марзия менен Каныйпа аябай атаандаша турган (Абдумомунов). Бирок эки байтерек экөө бирдей бирине бири атаандашкансып токол чыккан (Айтматов). Шарип, Сатар атаандашып окушат (Бейшеналиев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилиндеги атаандаш сөзү атаан+даш деген бөлүктөрдөн турат. Анын атаан уңгусу монгол тилдеринен кабыл алынган. Бурят тилинде атаа(н) 1) «зависть, вражда: 2) состязание, соперничество, конкуренция»; калмак тилинде 1) «зависть, 2) состязание, соперничество»; монгол тилинде 1) «зависть, 2) ревность» болуп которулат. Кыргыз тилинде атаан сөзү өзүнчө жеке айтылбайт. Ага этиш жасоочу -лаш мүчөсү жалганган түрү гана айтылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жарышуу, теңтайлашуу, таймаш, калышпоого аракет кылган абал. Атаандашып деле кыйын окушат (Бейшеналиев). Айылда жаштайынан бирге өскөн Марзия менен Канийпа аябай атаандаша турган (Абдумомунов). 2. Эрегишкендик, кастык маанайдагы теңтайлашуу, таймашуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТААНДАШ МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗА – КРде медициналык экспертизанын бир түрү; жарандар тийиштүү экспертизанын жыйынтыгына каршы даттанган учурда сот токтому боюнча дайындалат. Жарандар өлүп же ооруп, жеке өзү даттанууга мүмкүн болбой калса, ал даттанууну жубайынан же жакын тууганынан же мыйзамдуу өкүлүнөн берүүгө акысы бар. А. м. э. жаран тарабынан натыйжасына нааразылык көрсөтүлүп жаткан экспертизага катышкан эксперттерге, ошондой эле А. м. э-нын натыйжасына кызыкдар органдарга, уюмдарга, кызмат адамдарына кызматтык ж. б. жактан көзкаранды болгон эксперттерге тапшырылбайт. Даттануу менен кайрылган жаран белгилүү бир саламаттык сактоо уюму же белгилүү бир эксперттер тарабынан аныкталган А. м. э. жүргүзүү жөнүндө ырасмий өтүнүч менен сотко кайрылууга акысы бар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТААНДАШТЫ АШКЕРЕЛӨӨ – чарба жүргүзүүчү субъектин ишкер абыройуна кедерги келтирүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында, болбосо басылган тексти көбөйтүү же башка жол менен жалган, так эмес же бурмаланган маалыматтарды таркатуу. Абийирсиз атаандаштыктын бир ыкмасы. Башка биркатар өлкөлөрдө кылмыш ишинин өзүнчө курамы болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТААНДАШТЫК – чарбакер субъекттердин жарышуу аракеттери базардагы бааны көтөрүү максатында монополиялаштырууга натыйжалуу тоскоолдук кылуучу жана алардын кардарларга керектүү товарларды чыгарууга кызыктыруучу иш-аракеттери.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тең жарышуучулук, эрегишүүчүлүк. Эки тараптын ортосунда атаандашуучулук күч алды. 2. экон. Товар өндүрүп чыгаруучулардын ортосундагы өзүнүн кызыкчылыктарын канааттандыруу, товарларды сатуу, бир кыйла жогорку пайда алуу үчүн болгон экономикалык таймаш, жарыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТААНДАШТЫККА КАРШЫ ИШ-ТАЖЫРЫЙБА – базар үстөмдүгүн басып алуу менен, башка өндүрүүчүлөрдүн аракетин чектөө, өз баасын бычуу ж. б. у. с. коммерциялык ишмердүүлүк шарттарын монополиялаштыруу аркылуу чыныгы атаандаштык ченемдерин бузуу.