АТАН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБычылган эркек төө түрк жана монгол тилдеринде атан делет. Э. В. Севортян бул сөз ат+ан деген бөлүктөрдөн туруп, ат этиши азыр колдонулбаган менен, байыркы кезде быч деген маани берген деген пикирди айтат. Мына ушул эле этиштен ат деген жылкыга карата айтыла турган сөз да келип чыккан деп карайт (Севортян, 1974, 202). Бул боюнча атан сөзү «бычылган» маанисиндеги сөз болуп чыгат.
А. М. Щербак атан сөзү ат сөзү менен байланыштуу болуу керек деген болжолду айтат (Щербак, 1961а, 104). Бул болжолго толугу менен кошулууга болот. Анткени ургаачы төөнү билдире турган инген сөзү инек деген сөзгө -ан мүчөсү кошулуудан келип чыкканы даана көрүнөт. Демек, атан деген сөз да ат деген сөзгө -ан мүчөсү кошулуудан келип чыккан. Ал мүчө кошулуу менен формасындагы айырмачылыкка жараша төөнүн бычылганын билдирип, жылкынын бычылганын туюнткан ат деген сөздөн обочолонуп кеткен.