АТА САКАЛ ЭЭГИНЕ БҮТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жаштык курактан өтүү, көпчүлүк «ата» деп кайрылган, токтолгон куракка жетүү. Алар ата сакал ээгине бүтүп калган адамдар болуучу. Эми ушул ата сакалы ээгиңерге бүткүчө жаңжалдашып жүргөнүңөр жакшы эмес (Бердикеев). Бала, баланын иши чала, мына, ата сакалы ээгине бүтүп, азамат болот деген уулдарыбыздын кылганы (Абакиров).