АТАК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргыз тилинде атак сөзү ат сөзү менен бирдей маани берип да калат. Мисалы: Жоону сайса, эр сайды, аты калды Манаска (макал). Атагың чыкпаса, жер өрттө (макал). Ушуга караганда атак сөзү ат+ак бөлүктөрүнөн турат деп эсептөөгө болот. Ат уңгусуна кошулган -ак мүчөсүн уңгуга жаңы маани кошумчалай албай турган мүчө деп кароого болот.