АТА САКАЛ ЭЭГИНЕ БҮТҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жаштык-мастык курактан өтүп токтолгон куракка жетүү. Алар ата сакал ээгине бүтүп калган адамдар болучу («Ленинчил жаш»). Эми ушул ата сакалы ээгиңерге бүткүчө жаңжалдашып жүргөнүңөр жакшы эмес (Бердикеев). Бала, баланын иши чала, мына, ата сакалы ээгине бүтүп, азамат болот деген уулдарыбыздын кылганы (Абакиров).