АТАМ ЗАМАН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Илгерки заман, байыркы мезгил, мурдагы заман. Кара ниеттик менен ак ниеттик атам замандан бери кармашып келе жатыптыр (Бердикеев). Ошол Ак-Белге келип такалган мелтилдеген боз атам замандан соко тиши тие элек (Өмүрбаев). Бул илгери атам заманда болгон окуя экен («Ала-Тоо»). Атам замандан бери кербенчилердин конушубу: ичи-тышы үнөм от жагып тургандай капкара көө (Элебаев). В.: Жер заманда. Алар жер замандагы адамдар. Жер заманда болгон иш.