Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Атка минүү. Кырк жигитке сыр бербей, Эр Курманбек аттанды («Курманбек»).
  1. 2.                  Жөнөө. Уландар казатка аттанышты (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  Күрөшкө, кандайдыр бир ишке чыгуу, бет алуу. Ызырынган зулум кулактар менен салгылашууга аялдар да биз менен бирге аттанышты (Бектенов).

Аттанып түшүү — иштин жөнүн жакшы билүү. Өңгөнү билбейм, анан малдын оорусуна калганда, аттанып түшөм го! (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. садиться верхом на лошадь;
2. выступать в поход; отправляться в путь;
3. перен. вознамериться; принять решение;
жөн эле түшүп аттанат для него пара пустяков; он это в два счёта сделает;
аттан! на коней! (предупреждение о приближении опасности);
дүйнөдөн аттан- покинуть этот свет (умереть).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Атка минүү. Кырк жигитке сыр бербей, Эр Курманбек аттанды («Курманбек»). Кулсар аттанган жатып, чоң жолдун боюна токтогон машинаны көрдү («Кыргызстан аялдары»). 2. Бир жакка карай жөнөө, жолго чыгуу, жолго камынуу. Айткын Салык, балдар үйүңөн качан аттанды эле? (Каимов). Уландар казатка аттанышты (Сыдыкбеков). 3. Кандайдыр бир ишке бет алып чыгуу, көздөгөн максатка жетүүгө, аткарууга киришүү. Зулум кулактар менен салгылашууга аялдар да биз менен бирге аттанышты (Бектенов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от аттан-
1. сажать или подсаживать на коня;
конокту аттандыр подсади гостя на лошадь, помоги гостю сесть на лошадь;
аттандырып, колтуктап көтөрүп өзу мингизип фольк. взяв под мышку и приподняв, сам посадил на коня;
2. снаряжать в путь, в поход;
кыз аттандыр- отправлять невесту в дом жениха.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от аттан-,
то же, что аттандыр-;
калың кара кошунун, аттантып алды жабылтып фольк. несметное войско своё он снарядил и двинул массой;
аттантты биздин айыл он беш жигит, ичинде боз ала баш эң жашы - мен стих. наш аул снарядил пятнадцать джигитов, среди них самый молодой и зелёный я;
Айсулуу кушун алып берип, өзүн аттантып жиберди Айсулу подала ему ловчую птицу и подсадила на коня.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иштин жөнүн жакшы билүү, колунан келүү, аткара алуу, мыкты адистигин көрсөтүү. Мен сизге айтпадым беле, Тооке, андай ишке мен аттанып түшөмүн, профессионалмын деп (Кыдырмышев). Өңгөсүн билбейм, малдын оорусуна аттанып түшөт (Байтемиров). Бирок сынган тектикти дал өзүндөй жөндөшкө аттанып түштү (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иштин жөнүн жакшы билүү, колунан келүү, аткара алуу, мыкты адистигин көрсөтүү. Мен сизге айтпадым беле, Тооке, андай ишке мен аттанып түшөмүн, профессионалмын деп (Кыдырмышев). Өңгөсүн билбейм, малдын оорусуна аттанып түшөт (Байтемиров). Бирок сынган тетикти дал өзүндөй жөндөшкө аттанып түштү (Ашымбаев).