аттан
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Атка минүү. Кырк жигитке сыр бербей, Эр Курманбек аттанды («Курманбек»).
♦ Аттанып түшүү — иштин жөнүн жакшы билүү. Өңгөнү билбейм, анан малдын оорусуна калганда, аттанып түшөм го! (Байтемиров).
- 2. Жөнөө. Уландар казатка аттанышты (Сыдыкбеков).
- 3. Күрөшкө, кандайдыр бир ишке чыгуу, бет алуу. Ызырынган зулум кулактар менен салгылашууга аялдар да биз менен бирге аттанышты (Бектенов).
♦ Аттанып түшүү — иштин жөнүн жакшы билүү. Өңгөнү билбейм, анан малдын оорусуна калганда, аттанып түшөм го! (Байтемиров).