Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Атка минүү. Кырк жигитке сыр бербей, Эр Курманбек аттанды («Курманбек»). Кулсар аттанган жатып, чоң жолдун боюна токтогон машинаны көрдү («Кыргызстан аялдары»). 2. Бир жакка карай жөнөө, жолго чыгуу, жолго камынуу. Айткын Салык, балдар үйүңөн качан аттанды эле? (Каимов). Уландар казатка аттанышты (Сыдыкбеков). 3. Кандайдыр бир ишке бет алып чыгуу, көздөгөн максатка жетүүгө, аткарууга киришүү. Зулум кулактар менен салгылашууга аялдар да биз менен бирге аттанышты (Бектенов).