Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоңоюу, эр жетүү, бойго жетүү. Жытатай ат жалын тарткандан кудайдын кудуретине сыйынууну калтыра элек (Осмоналиев). Эс тартып, ат жалын тарткандан бери кара жанын карч уруп, иштеп келе жатат (Саатов). Мен багам, кор кылбайм, – дейт ат жалын тартып элге аралашкан Үрбүлүм. (Бейшеналиев). В.: Ат жалын тартып минүү. Ат жалын тартып минип, эл арасындагы окуяларга аралашып, жигит күтөт (Осмоналиев). Айланып элге жеткирип, Ат жалын тартып мингизген («Семетей»). Сиз экөөбүз бири-бирибизди ат жалын тартып мингенден бери билишебиз (Каимов).