АТ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаТүрк тилдериндеги акта жана ат сөздөрү маанилери боюнча өз ара жакын, монголчо агт(а) сөзү менен тектеш келет. Ошондуктан бул сөз түрк жана монгол тилдерине иран тилинен кабыл алынган деген пикирди П. М. Мелиоранский эң алгач айткан. Бул боюнча иранча ахтан этиши «сууруп алуу, алып таштоо» маанисин туюнткан. Мына ушул сөздүн акт>ат болуп өзгөрүшүнөн азыркы кыргызча ат сөзү келип чыккан.
Ат сөзүнүн акт(а) сөзүнөн келип чыккандыгынын тууралыгы дагы мындайча кыйыр далилденет. К. К. Юдахиндин «Кыргыча-орусча сөзүдүгүндө» так сөзү мындай которулган: так V то же, что кош IV (окрик, но обращенный к одной лошади). Кээ бир тилдерде анын ордуна жөн эле ак деп айтканы да учурайт. Мунун ак варианты алгачкы акт формасынын аягында катар келген үнсүздөрдүн акыркысын түшүрүп коюудан келип чыгат. Ал эми ат сөзү, тескерисинче, аяккы т тыбышын сактап; анын алдындагы к тыбышын түшүргөн түрү болуп эсептелет. Так деген учурда алгачкы акт сөзүнүн аяккы т тыбышын сөздүн башына алып келип, орун тартибин өзгөртүп жайгашуудан жаралган. Ошондуктан атты так же ак деп айтуунун өзү да «ат» маанисин берген сөз болуп чыгат.