АТ БОРОЮН СЫДЫРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Ат арытып узак жол жүрүү, эч нерсесин калтырбай жер кыдыруу. Ат бороюн сыдырып, Дүйнө жүзүн чалчу элек («Манас»). Ат бороюн сыдырып, Жердин баарын кыдырып («Эр Төштүк»). Ат бороюн сыдырып, Ай-ааламдын баарысын, Айланып жүрүп кыдырып («Манас»).