Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колтуктан жөлөп атка мингизүү, аттандырып узатуу. Аткарып досун колтуктап («Эр Табылды»). 2. Бир жакка жөнөтүү, жиберүү. Абыкени баш кылып, Алтымыш мерген аткарып («Манас»). Колдун баарын аткарып, Коштоосуна ат алып («Эр Табылды»). Ал менин жалгыз уулум болчу. Мен аны чоң согушта жоого аткаргам (Үмөталиев). Кызды күйөөгө узатуу, үйдөн чыгарып жөнөтүү. Аткарды Абдыракман кызын дешип, Айтышкан эчак эле уккан, билген (Үмөталиев).