аттуу
Толковый словарь кыргызского языка (1969)сын. Бирдеме деп аталгандыкты, белгилүү бир атта болгондукту билдирүү үчүн колдонулат. Каныбек аттуу бейтааныш баланын ким экенин ким айтат (Жантөшев). Айланып, Каркыра аттуу жерге келдим (Осмонов).
♦ Аттуу-баштуу кишилер — белгилүү, атактуу, эс-акылдуу кишилер. Жаман аттуу —жаманатты менен бирдей.
АТТУУ II сын. 1. Аты бар. Жалгыз аттуу жарышчаак, жаман тондуу күрөшчөөк (макал).
2. Ат минген, атчан. Көп узабай аттуулардын табышы кулактарына даана угулду (Жантөшев).
♦ Аттуу-жөөлүү — атчан да, жөө да; атчандары да, жөөлөрү да бар. [Армияга баруучуларды].. узатып келген ага-туугандары, эне-аталары аттуу-жөөлүү болуп.. чар тарапка тарап кетип жатты (Байтемиров).