Киргизско-русский словарь Юдахина
аттуу I, атты
именуемый, называемый;
Манас аттуу баатыр богатырь по имени Манас;
эркек аттуулар все, кто зовётся мужчиной; все мужчины;
жаман атты осрамлённый, снискавший дурную славу;
жаман бир атты болгондур, "Көк-Тулпар" аты жоголуп, "Көк-Чолок" атка конгондур фольк. он осрамился, его имя "Серый Скакун" исчезло, и он стал именоваться "Серым Хромым";
аттуу-баштуулар или аттуу-баштуу адамдар или аттуу-баштуу кишилер уст. знать, верхушка общества (в старом быту);
андай аттуу күн кайда! когда же дождёшься такого счастливого дня!
аттуу II
1. лошадный, имеющий лошадь, коня;
жалгыз аттуу однолошадный;
2. конный, верховой, всадник;
аттуу-жөө или аттуу-жөөлүү (неправ. вместо атты-жөө или атты-жөөлү) конные и пешие;
алар менен аралаш, аттуу-жөөлүү болуп, биз дагы жөнөдүк смешавшись с ними, мы тоже тронулись кто верхом, кто пешком;
аттуу-жөө болушуп, арттан самсып ээрчип алышкан они плелись сзади, кто верхом, кто пешком.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Бирдеме деп аталгандыкты, белгилүү бир атта болгондукту билдирүү үчүн колдонулат. Каныбек аттуу бейтааныш баланын ким экенин ким айтат (Жантөшев). Айланып, Каркыра аттуу жерге келдим (Осмонов).
Аттуу-баштуу кишилер — белгилүү, атактуу, эс-акылдуу кишилер. Жаман аттуу —жаманатты менен бирдей.
АТТУУ II сын. 1. Аты бар. Жалгыз аттуу жарышчаак, жаман тондуу күрөшчөөк (макал).
2. Ат минген, атчан. Көп узабай аттуулардын табышы кулактарына даана угулду (Жантөшев).
Аттуу-жөөлүү — атчан да, жөө да; атчандары да, жөөлөрү да бар. [Армияга баруучуларды].. узатып келген ага-туугандары, эне-аталары аттуу-жөөлүү болуп.. чар тарапка тарап кетип жатты (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирдеме деп аталгандык ты, белгилүү бир атта болгондукту билдирүү үчүн колдонулат. Чаргын Итике дегендин Чолпон аттуу кызын алган (Сыдыкбеков). Арадан күндөр бат-бат алмашылып, Айланып Каркыра аттуу жерге келдим (Осмонов).