АТ МАЙЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бирөөнүн атын убактылуу пайдалануу, убактылуу күчүн алуу. Көкала атты сурады Минейин – деп, майыны («Манас» С. О.). Пейли жаман кишиден Аттын майын сурасаң, «Эртең кел» деп саалытат (Осмонкул). 2. Аттын күчү акысы. Ат майына бир жылкы сурап, бирөөнүн мыкты атын минип, арттан жөнөйт (Осмоналиев).