АТКА ЖЕҢИЛ, ТАЙГА ЧАК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Жеңил желпи, эптүү, элпек, тил алчаак. Эргешбай элпек, атка жеңил, тайга чак (Борбиев). Атка жеңил, тайга чак Күлүктүгү бар экен («Эр Тоштүк»). 2. Бат эле кепке алына коймо, баркы жок, жеңил баа. Мени атка жеңил, тайга чак кыла бересиңерби?