АТКАР
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргыз тилинде аткар деген эки этиш бар. Анын бири «адамды атка мингизүү, минүүгө жардамдашуу, узатуу» деген маани берет. Ал сөз ат деген уңгуга этиш жасоочу -кар мүчөсүнүн жалганышынан келип чыгат. Ушул сыяктуу жол менен жасалган башкар (баш+кар), ичкер (ич+кер), эскер (эс+кер) ж. б. сөздөр бар.
Ал эми «орундатуу, бүтүрүү» деген маанидеги аткар этиши башка уңгудан, башка мүчөдөн турат. Уңгусу болуп атак сөзү эсептелет. Ал болсо — азыркы кыргызча аяк (айак) деген сөздүн байыркы формасы. Ошол уңгуга атоочтон этиш жасоочу -ар мүчөсү жалгануудан атакар>аткар этиши келип чыккан. Ал сөз азыркыча «аякта» дегенге жакын маани берген. Атооч сөздөрдөн этиш жасоочу -ар мүчөсү кыргыз тилинде кеңири учурайт. Мисалы: жашар (жаш+ар), бозор (боз + ор), агар (ак+ар), тазар (таза+р), жаңыр (жаңы+р) ж. б.
Атак уңгусу азыркыча аяк (айак) сөзүнө туура келет. Азыркы кыргызча күт жана күй деп айтууга боло бере турган сыяктуу эле т тыбышы й тыбышына алмашуудан айак дегени кийин пайда болгон. Бирок эски атак сөзү өзүнүн мурдагы калыбын сактап кала бергени ушул аткар этишинде учурайт. Ошол аткар этиши азыркы аякта деген этиш сыяктуу маани берген. Анткени аякта этишинин өзү алгачкы атак деген сөздөн жасалат, мүчөлөрү башка болгон менен маанилери бирдей болуп калган. Мындай болушуна атак, аяк (айак) деген сөздөр адамдын бутун гана эмес, «адамдын денесинин эң ылдыйкы жагы» дегенди да билдирген. Ал эми адамдын башы анын денесинин атын гана эмес, «башталышы» деген да маани берген. Ошондуктан аткар этиши «аягына чыгуу» дегэнди, башкача айтканда, «башталган ишти бүтүрүү, орундатуу, аягына чыгаруу» дегенди туюнткан. Ушундай маанини аткар жана аякта этиштери бере алышы алардын уңгусунун бир сөздөн экенине байланышкан.