АТЫП ТУРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өтө тездик менен ордунан ыргып туруу, отурган жеринен секирип козголуу. Ал оозгу үйгө башбагар замат Жамшит экөөбүз ордубуздан атып турдук (Жигитов). Калича атып туруп сыртка ашыкты (Абакиров). Аны көрө койгон Тоймат ордунан атып туруп, адатынча бир дар этип ага кучак жайды (Өмүрбаев). В.: Атып чыгуу. Дарбаза тарапта, уясында жаткан ит мени көрүп атып чыкты (Исмаилов). Коңгуроо кагылар саам класстан атып чыга жабыла чуркачубуз (Жусупов). Сыртка кантип атып чыкканымды билбейм (Мырзаев). Ал сыртты көздөй атып чыгып, ошол тейден топко кошулбаганын сезди (Ашымбаев).