АТ КОЮУ
Энциклопедия "Манас". ч.1.АТ КОЮУ — атчан аскерлердин душманга чабуул коюу ыкмасы. Эпостун согуштук окуяларында баатырларын, балбандарын, аткычтарын, найзачанын, кылыччанын өз-өзүнчө бөлүп, салгылашууга киргизгени жогорку көркөмдүктө элестүү сүрөттөлөт. Кыргыздын элдик оозеки чыгармаларында баатырларды, жоокерлерди атсыз элестетүү кыйын. Ошондуктан А. к. эпосто жоокерчилик окуялардын чордонун түзөт:
Күн жүрүш жактан күркүрөп,
Аркасынан Жолойдун
Алда канча көп аскер
Ат коюптур дүркүрөп (Сагымбай Орозбаков, 4. 314).
Күн жүрүш жактан күркүрөп,
Аркасынан Жолойдун
Алда канча көп аскер
Ат коюптур дүркүрөп (Сагымбай Орозбаков, 4. 314).