Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Аталып калуу, атка конуу. Апаңды тартсаң, жез таңдай атыгасың (Аалы). «Кашаң Татыбек» деп эл оозунда атыгып жүргөнү да кокусунан эмес (Байтемиров).
2. Аты чыгуу, белгилүү болуу, аты белгилүү болуу. Атыккан ырчы. Атыккан балбан.

Киргизско-русский словарь Юдахина
называться, прозываться; получать прозвание, прозвище;
канга тоюп катыккан, жана өзү кабылан Бакай атыккан фольк. насытившись кровью, он окреп и получил прозвание леопард Бакай;
карап тургун ошондо, кабылан Манас атыгат фольк. вот посмотри тогда, он назовётся леопардом Манасом.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аталып кетүү, атка конуу. «Кашаң Татыбек» деп эл оозунда атыгып жүргөнү да кокусунан эмес (Байтемиров). Эл бүлдүрүп, журт кырып, Канды кечип катыккан, Калың элдин баарына Кан ичер болуп атыккан («Сейтек»). 2. Аты чыгуу, даңкка ээ болуу, белгилүү болуу. Атыккан мерген. Атыккан балбан. Тигил совхоз жүзүм менен атыккан (Токомбаев).