АТ ҮСТҮНӨН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Анчалык көңүл бөлбөй, эптеп-септеп, иши кылып, үстүртөн, кайдыгер гана. Деги түрүнө караганда ат үстүнөн иштеп жүргөн жигит көрүнөт («Кыргызстан маданияты»). Мындай учурда алар тек гана кабыл алууга түшкөн арызды ат үстүнөн карашат («Советтик Кыргызстан»). Бардыгына ат үстүнөн мамиле жасай баштадым (Бердикеев).