Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТКАРУУ БАРАКЧАСЫ – сот чечиминин, өкүмдүн, аныктамасы менен токтомунун, сот тарабынан бекитилген тынчтык макулдашуусунун, эларалык жана чет өлкө соттору менен арбитраждарынын чечиминин негизинде берилген аткаруу документинин бир түрү. А. б-на соттун колу коюлуп, соттун гербдүү мөөрү басылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТКАРУУ БИЙЛИГИ – конституциялык укук боюнча мамлекеттеги мамлекеттик бийликтин өзалдынча жана көзкарандысыз бутактарынын бири (мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги менен катар). А. б. иш жүзүндө мыйзамдарды, башка ченемдик укуктук актыларды, келишимдерди ж. б. у. с. аткарууга чакырылган. Көптөгөн өлкөлөрдө иш жүзүндө А. б. демократияга зыян келтирүү менен башка бийлик бутактарына үстөмдүк кылат. Айрым өлкөлөрдө президенттин А. б. иш жүзүндө куралдуу күчтөрдүн же экономикалык элитанын таасиринде болот. КРде А. б-н КР Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат. КР Өкмөтү КРде А. б-нин жогорку органы болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТКАРУУ БИЙЛИГИНИН БАШЧЫСЫ – мамлекеттик башкаруу органынын жалпы улуттук же аймактык деңгээлиндеги, болбосо өзалдынча башкаруу органынын жетекчиси. Жалпы улуттук деңгээлде монархиянын баардык тариздеринде шарттуу түрдө монарх (парламентардык монархияда – иш жүзүндө өкмөт башчысы ), президенттик республикаларда – президент, парламентардык өлкөлөрдө – шарттуу түрдө президент, ал эми иш жүзүндө өкмөт башчысы, жарым президенттик республикаларда – президент (кээде шарттуу түрдө – өкмөт башчысы). КРде КР ЖКнын макулдугу менен КР Президенти тарабынан дайындалуучу КР Премьер-министри А. б. б. болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТКАРУУ ДОКУМЕНТТЕРИ – алар: а) соттордун чечиминин, өкүмүнүн, аныктамасы менен токтомдорунун сот тарабынан бекитилген тынчтык макулдашууларынын, эларалык жана чет өлкө сотторунун жана арбитраждарынын чечимдеринин негизинде сот тарабынан берилген аткаруу баракчалары; сот буйруктары; б) доону камсыз кылуу тартибиндеги сот аныктамалары; в) нотариалдык органдардын аткаруу жайгаруусу; г) төлөм эсебинде акча каражатынын жок экендиги тууралуу банк жана башка кредит мекемелеринин белгиси коюлган инкассо тапшырмасы; д) эрезеге жетелектердин иштери боюнча комиссия тарабынан берилүүчү акча төлөтүп алуу чарасы жөнүндөгү токтом; е) административдик тартип бузуу иштерин кароого ыйгарым укук берилген органдар (кызмат адамдары) тарабынан чыгарылган токтом; эмгек талаштары боюнча комиссиянын жана кесипкөйлөр бирлик органдарынын чечиминин негизинде берилген күбөлүк; з) туракжайды өзалдынча ээлеп алган же урап түшчү абалдагы үйдө жашаган жарандарды административдик тартипте көчүрүү жөнүндөгү прокурордун токтому; и) башка органдардын мыйзамда каралган учурлардагы актылары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТКАРУУ ЖАЙГАРУУСУ – карыздоо документинин түпнускасында карызкордон карыз берүүчүнүн пайдасына алынуучу акча өлчөмү же мүлк жөнүндө жазыла турган нотариустун же консулдук мекеменин ыйгарым укуктуу кызмат адамынын тескемеси. Ал боюнча карыздар талашсыз, б. а. А. ж-нун негизинде өндүрүлүп алына турган документтердин тизмеси КР Өкмөтү тарабынан аныкталат. А. ж. аркылуу өндүрүү сот чечимин аткаруу тартибинде жүргүзүлөт. А. ж. аткаруу документтерине кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТКАРУУНУН МҮМКҮН ЭМЕСТИГИ – карыздар үчүн анын күнөөсү менен милдеттенмеде көрсөтүлгөн аракеттерди аткаруусунун мүмкүн эместиги. КР жарандык мыйзамдарына ылайык тараптардын бири да жооп бербеген кырдаалдан келип чыккан милдеттенмени карыздар аткара албаган учурда кредитор карыздардан милдеттенме боюнча аткарууну талап кылууга укуксуз. Милдеттенмени аткарган тарап аткаруунун кайтарымын талап кылууга акылуу. Кредитордун терс аракеттеринен улам карыздардын милдеттенмени аткаруусу мүмкүн болбосо, кредитор андан милдеттенме боюнча аткарылгандын кайтарымын талап кылууга укуксуз.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮ – бузулган же талашка түшкөн укукту же мыйзам тарабынан корголуучу укуктарды реалдуу коргоону камсыз кылуу максатында сот актыларын жана бейтарап соттордун чечимдерин мажбурлап ишке ашыруунун мыйзамда белгиленген тартиби. А. ө. – жарандык процесстин корутунду баскычы, анын чегинде жарандарга, уюмдарга же баардык деңгээлдеги бюджеттерге акча каражаттарын жана башка мүлктү башка жарандарга, уюмдарга берүү боюнча милдеттерди жүктөөгө же алардын пайдасына белгилүү аракетти жасоого же ушул аракеттерди жасоодон баш тартууга укугу бар орган тарабынан чыгарылган юрисдикциялык акт жүзөгө ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТКАРУУЧУ – 1) КР кылмыш-жаза мыйзамы боюнча түздөнтүз кылмыш жасаган башка адамдар менен бирге кылмыш жасоого катышкан адам, ошондой эле мыйзам боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбай турган башка адамдарды пайдалануу менен кылмыш жасаган адам. Кылмыштын катышуучусунун бири болуп эсептелет; 2) КР Жарандык кодекси боюнча тапшырыкчынын тапшырмасында шартталган белгилүү иш-аракетти жүргүзүүгө келишим боюнча милдеттенген адам; 3) керектөөчүнүн укуктарын коргоо жөнүндө КР мыйзамынын аныктамасы боюнча менчигинин түрүнө карабастан түзүлгөн уюм, ошондой эле акысыз келишим боюнча иш аткаруучу же керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү жеке ишкер; 4) автордук жана аралаш укуктар жөнүндө КР мыйзамына ылайык – роль аткаруучу, ырдоочу, музыка аспаптарында же башка түрдө адабият жана искусство чыгармаларын аткаруучу (а. и. эстрадалык, цирк же куурчак номерлерин) артист, ырчы, музыкачы, бийчи же башка жактар, ошондой эле оюн коюучу режиссер менен дирижер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТКАРУУЧУНУН ЭКСЦЕССИ (лат. excessus – чыгуу, чегинүү) – аткаруучу тарабынан башка кошо катышуучулардын ниетинде болбогон жана алардын макулдашуусунун чегинен чыккан аракеттердин жасалышы.