Толковый словарь кыргызского языка. 2015
атом дегенге таандык. Атомдук энергия. Атомдук салмак. Атом энергиясын пайдаланууга байланышкан. Атомдук электростанция. Атомдук бомба. Жасашып атомдук куралды, Желдетке айлантты кенди да (Байзаков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТОМ КУБАТЫ БОЮНЧА ЭЛАРАЛЫК АГЕНТТИК (АКЭА) – 1955-жылы негизделген, БУУ менен макулдашуунун негизинде БУУнун жалпы тутумуна кирген (1956-ж.) өкмөттөр аралык уюм болуп эсептелет. АКЭАнун ыйгарым укуктары: дүйнөдө атом кубатынын жарандык максатта колдонулушун изилдөөнү, өнүктүрүүнү, иш жүзүндө пайдаланууну жактыруу жана колдоо; өз мүчөлөрүнүн каалоосу боюнча өзара кызмат-ташуусу менен материалдык жабдылуусуна ортомчулук кылуу; атом кубатынын тынчтык максатында колдонулуусун өнүктүрүү максатында материалдар, жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу; атом кубатын тынчтык максатында пайдалануу чөйрөсүндөгү илимий-техникалык маалыматтардын алмашуусуна колдоо көрсөтүү; ядролук материалдардын согуш максатында колдонулушуна бөгөт коюу; бул маселелер боюнча жоопкер болгон БУУ тутумунда турган органдар жана институттар менен бирдикте саламаттык сактоо жана коопсуздук тармагынын ченемдерин аныктоо.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
атом-го т.; атомдук;
атомный вес атомдук салмак;
атомное ядро атомдук ядро, атом ядросу;
атомные силы атомдук күчтөр;
атомная энергия атомдук энергия;
атомная бомба атомдук бомба, атом бомбасы;
атомное оружие атомдук курал;
атомный двигатель атомдук кыймылдаткыч, атом кыймылдаткычы (атомдун күчү менен аракетке келүүчү кыймылдаткыч).