Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир нерседен арыштап өтүү; секирип өтүү. Карыя жөөктөн ылдам аттады (Аалы). Рельстен рельсти аттап, бир киши келе жатты (Сасыкбаев).
  1. 2.                  Кере кадам шилтөө, басуу. Акман эми салмак аттап, безилдеген Какылдакка утурлады (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  өт. Белгилүү бир чектен (жаштан) өтүү. Жашы алтымышты аттаган абышка.

Ала кылын аттабоо — эч жамандык кылбоо, кара санабоо.