АТКА МИНЕР
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Советтик курулуштун активисти сыяктанып көрүнгөнү менен, иш жүзүндө ага ылайык келбеген, тескери иштерди жасаган киши. «Кошчу» уюму атка минер арамза куулар менен күрөшүп жатат («Эркин Тоо»). Анткени мурунку ячейканы атка минер шылуундун баласы деп ячейкалыгынан түшүрүп койгонбуз (Жантөшев). Элет оторлоруна салынган оор салык атка минерлердин короктоп ак падышанын атынан опузалап демитүүсү, зордугу менен аткарылууда (Бейшеналиев).