Киргизско-русский словарь Юдахина
ооз I
1. рот;
ооздон өп- целовать в губы (у киргизов это не принято);
аттын оозун кой- дать коню поводьев;
аттын оозун коюп жарышып дав коням поводьев и перегоняя друг друга;
оозуң кайсы десе, мурдун көрсөтөт он ни в зуб ногой (букв. если спросят, где твой рот, он показывает нос);
кызыл ооз ат серая красногубая лошадь;
ооздон оозго өт- или ооздон оозго көч- переходить из уст в уста;
имиш-имиштер, ооздон оозго көчүп, күч алды слухи и разговоры, переходя из уст в уста, распространились (букв. усилились);
2. входное отверстие;
мылтыктын оозу дуло ружья;
кош ооз мылтык двухствольное ружьё;
каптын оозу отверстие мешка;
көрдүн оозу отверстие могилы;
казынанын оозу фольк. дверь в сокровищницу, в хранилище казны;
Алматынын оозунда у начала входа в ущелье (реки) Алматинки;
түн киргенче чубалып, Түптүн оозун өрдөдү фольк. двигаясь гуськом до ночи, поднимались они вверх по ущелью (реки) Тюп;
3. ворота;
алтын ооз ордо фольк. златовратый дворец;
алтын ооз шаар фольк. златовратый город;
4. чуйск. первая лунка на доске при игре в тогуз кумалак (см. кумалак);
бир ооздон единогласно;
оозмо-ооз сурайт он спрашивает лично (не через посредство кого-л.);
мен бир ооз сөз айтам я скажу несколько слов;
мен бир үч ооз кеп айтам я скажу два-три слова;
бир ооз ыр ырдады он немного спел;
эки оозунун бири эле окуу болду одним из двух слов (которые он произносил) стало слово "учёба" (т.е. он часто стал говорить об учении);
эки оозунун биринде эле сени мактай берет он на каждом слове хвалит тебя;
бир ооз "кел" дегенге жарабайт его не хватает даже на то, чтобы сказать одно слово "приди" (он даже пригласить не удосуживается);
оозунда беш ооз сөзү бар он не очень речист;
оозунда беш ооз сөзү жок он и двух слов связать не может;
оозу оозбу? да хозяин ли он своему слову?, да отвечает ли он за свои слова?
ооздон чыга электе на лету (понять, уловить);
эч кимдин оозун ачырбай салды ему никто не мог возразить, он всех загнал в угол (напр. в споре);
жап оозуңду! или бас оозуңду! заткни глотку!, замолчи!;
башын чайкап, оозун басты он покачал головой и замолчал;
оозго кир- или эл оозуна кир- или элдин оозуна кир- или оозго алын- получить похвальную известность, стать предметом похвал;
менин балдарым дагы, эл сыяктуу болуп, оозго кирсе (хорошо было бы) если бы о моих детях, как о других, заговорили бы с похвалой;
элдин оозуна кирип калыптыр о нём уже заговорили, с ним уже начали считаться;
катын-калачтын оозуна кирип, мыкты кыз атанып калган о ней заговорили женщины, и она стала именоваться славной девушкой;
жигит атка конуп, эл оозуна кирди он стал именоваться (взрослым) парнем, и народ с ним стал считаться;
эл оозундагы киши человек, пользующийся популярностью;
оозун кара- смотреть кому-л. в рот (подобострастно слушать и делать то, что тот говорит);
ооздон түшүрбөйт у него с языка не сходит;
эл оозунан түшпөйт у всех на устах; все об этом только и говорят;
элдин оозунан түшүп калыптыр о нём уже не говорят; с ним уже не считаются;
эч кимдин оозуна кирбейт (так) никто не скажет, (так) не говорят;
оозунан кеби түшүп калды (от страха) он слова вымолвить не мог;
оозуңа алба не говори, не поминай;
оозго албай эле коёлу (об этом) и говорить нечего;
оозго албаган сөздөрдү сүйлөп жатат он говорит непотребные слова;
оозуна албаган сөздөрдү алып, мени тилдеди он меня изругал такими словами, что и сказать нельзя;
оозго алардык заслуживающий внимания;
оозго алардык иш кылган жок он ничего не сделал такого, что заслуживало бы внимания;
ооздон арт- превышать расходы на еду;
экөөбүздүн жыйган-тергенибиз ооздон артып, татынакай кийим-кечеге жетиштик того, что мы вдвоём заработали, хватило на питание и на хорошую одежду;
тапканыбыз ооздон артпайт нашего заработка хватает только на питание;
бекер ооз тот, кто любит и имеет время поболтать, пустобай;
семиз ооз хвастун;
алп ооз (или алпооз) сөз
1) заносчивые речи;
2) заносчивый в словах;
жаман ооз шпион, доносчик, соглядатай;
кер ооз несговорчивый;
ак ооз бол- подвергаться ругательствам и поношениям;
оозуңду аппак кылды здорово он тебя разделал (разругал на все корки, победил в перебранке);
оозу аппак болгон его здорово разругали;
оозу элпек (о коне) смирный, негорячий;
оозу катуу (о коне) тугоуздый;
бок ооз (или богооз) сквернослов;
ооз көптүрүп сүйлө- или ооз толтуруп сүйлө- без меры похваляться;
оозуңду желге көптүрүп, сүйлөбө или курулай оозуңду көптүрбө не хвались по-пустому;
оозуңда бардыр а ведь ты, пожалуй, прав;
оозуңа келсин! или оозуңа келгир! типун тебе на язык!, на твою бы голову это было!;
ооздоруна таруу куюп алгандай они как воды в рот набрали;
ооз учунан жооп берди или ооз учу менен жооп берди он небрежно бросил ответ; он едва слышно ответил;
ооз учу менен шыбырашат они потихоньку перешёптываются о том о сём;
оозу таш капты (осрамившись) он замолчал;
бул сөздү оозу-мурду кыйшайбай туруп эле айтты он сказал это без зазрения совести; он сказал прямо, смело;
оозуңа май! похвала в рот тебе жир! (соотв. русскому: в рот тебе каши с маслом!);
оозуңа таш! бран. в рот тебе камень!;
кара оозуңа кан толгур! проклятие чтоб тебе захлебнуться кровью!;
оозу аркасына бүтүп калсачы! проклятие чтоб (у этого сквернослова) рот своротило!;
оозуна алы жетпеген неме он не справляется со своим языком (болтает, говорит, что следует и чего не следует);
оозу бош болтун;
оозун тартпай не стесняясь в выражениях;
оозун тартпай тилдеди он всячески разругал;
ооз кесир бахвальство; самонадеянные речи с угрозой;
анын ооз кесири бар он любит бахвалиться, он слишком самонадеянно говорит;
ооз кесири болбосун, мен аны тим эле сүйлөтпөймүн не сочтите за бахвальство, я ему слова сказать не дам (он передо мной или против меня пикнуть не смеет);
ооз кесириңди койчу ты не очень-то размахивайся (я то-то сделаю, мне это нипочём и т.п.);
ооз кесирсиз без угроз;
ооз карман- или ооз карма- выразить сожаление, раскаяние, потерпев неудачу;
ооз жый- или ооз тый- попридержать язык;
оозуңду тый попридержи язык; держи язык за зубами;
оозун жыйып алды он внезапно замолчал, осекся;
айтып оозун жыйгыча фольк. не успел он сказать (как...);
аттын оозун жый- (о всаднике) подтянуть поводья коня, остановить коня;
ал аттын оозун коё берди он пустил коня во весь опор;
аттын оозун жибер- или аттын оозун жай- ослабить поводья, дать коню ходу;
оозун бербей (о лошади) не подчиняясь поводьям;
ат, оозун бербей, ала качты лошадь, не подчиняясь поводьям, понесла;
ооз ачып, өпкөн бала первый ребёнок (у матери);
оозумду ачып, өпкөн балам мой первенец;
ооз ачып да койгон эмес он не обмолвился ни словом;
ооз ач- принимать первую за день (вечером) пищу во время поста;
оозу ачык он (в данное время) не постится;
оозу бек он (в данное время) постится;
эртең оозу бекийт завтра наступает пост;
насыбайга ооз ачылбайт шутл. насвай поста не нарушает (а потому, дескать, можно закладывать его и в пост);
оозунан чыгып кетти у него с языка сорвалось; он обмолвился;
оозуңан чыкпасын! молчи!, никому! (при сообщении по секрету);
ооздон чыкканча жеди или оозу-мурдунан чыга жеди он наелся до отвала;
ооз бириктирип сговорившись, стакнувшись;
ооз тий- отведать, откушать, вкусить (можно ограничиться даже одним кусочком чего-л.);
мындан да ооз тийип кой- откушай и этого;
оозуна келгенди сүйлөй берет он болтает всё, что ему в голову (букв. в рот) взбредёт;
оозунан жулдургандай или оозунан алдыргандай он совершенно растерялся (будто изо рта выхватили то, что он уже готов был проглотить);
көр оозунда при смерти, одной ногой в могиле;
ажалдын оозунан чыкты он был на волосок от смерти;
чөп ооз ист. плата за пользование пастбищем (напр. казахи, пользуясь киргизскими пастбищами, платили за это);
оозу менен алыш- см. алыш- IV;
оозунун салуусу бар см. салуу II;
жанды оозго тиштеп см. жан II;
оймок ооз см. оймок;
ачык ооз см. ачык I;
оозун куу чөп менен арчы см. чөп.
ооз II
южн.
неправ. вместо авиз (см.);
эл суу ала турган ооздун боюнда на берегу пруда, из которого народ берёт воду.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын жана жан-жаныбарлардын тамактануучу мүчөсү. [Мышык] оозун чоң ачып керилип алды (Сыдыкбеков). Алдында турган кесени оозуна ала коюп кайра Марусяга сунду (Сыдыкбеков).
2. Түрдүү идиштердин же нерселердин моюн жагындагы же уч жагындагы ачыгы. Чаргын.. чаначты, чымчып буулган оозунан.. тутамдай кармап, чайкай баштады (Сыдыкбеков). Чоордун оозун тазалап,.. тарта баштаганда, [Каныбек] Жуманын маңдайына отура калды (Жантөшев).
3. Короого, коктуга, капчыгайга ж.б. кире бериш жери; дарбаза; хире бериштеги ачык.
Ооз тийүү — даам татуу. Түшүңүз. даам ооз тийиңиз! (Каралаев). Оозун жыйып алгыча — жаңы эле сүйлөп бүтөрү менен, сүйлөп бүткөнчө. Ал киши оозун жыйып алгыча, алачык ичи жарк этти (Жантөшев). Жүрөгү оозуна тыгылуу — катуу коркуп кетүү. Ачкыччы калтырады, көзү алайып, жүрөгү оозуна тыгылды (Жантөшев). Кур ооз же куру ооз — эч нерсе жебестен, тамак-аш ичпестен; тамак бербей. Ооз кесир — опурула, мактана сүйлөгөн сөз; опурулган курулай мактанычтык. Ооз кесирсиз — айтты-койду дебестен; сөзсүз. Тил-ооздон ажыроо — сүйлөбөй калуу. [Итике] көпкө чейин тил-ооздон ажырап, эмес айтарын билбеди (Убукеев). Оозум таптоо — сүйлөй турган болуп баруу, сүйлөп жибергиси келүү. Шарип дагы бирдеме айтуучудай оозун таптап барып, ичинен күңгүрөнүп тим болду (Бейшеналиев). Оозуна май — жакшы кабар айткан кишиге карата алкоо иретинде колдонулат. Оозуна май, садага! (Сыдыкбеков). Оозуна таш — жаман кабар же жагымсыз сөз айткан кишиге карата зекүү иретинде колдонулат. Бекер ооз орунсуз, көп сүйлөгөн, кеп кылып сүйлөй бергенди жакшы көргөн. Мыскалдын келишин бекер ооз аялдар ушундай эрмектешти (Сыдыкбеков). Ооз көптүрүү — мактануу, курулай менменсинүү, көтөрүлүп сүйлөө. Ооз көптүрүп, Ойду ээрчиткен кур кыял, Ойлочу дос, Кайдан келсин көңүлгө? (Маликов). Ооздон оозго өтүү — элге жайылып кетүү, биринен бирине өтүү, таркоо. Оозу бош — айтууга болбой турган же жалпы эле айтылган сөздөрдү ичине сактай албай айтып коюучу, ичине сыр сактай албаган. Оозуна ээ боло албоо — 1) тизгинин тарта албай ала качтыруу. Акия аттардын оозуна ээ боло албай,.. бээни арабанын огу менен.. койдурду (Сыдыкбеков). 2) өзүн-өзү токтото албоо, оозуна келгенди сүйлөй берүү. Оозу катуу — баш бербеген, тизгин тартууга оңой менен көнбөгөн (жылкыга карата). Оозу катуу жорго. Оозун коё берүү — катуу чаап жөнөө. Каныбек менен Темир аттарынын оозун коё берип, кандай темингендерин байкабай да калды (Жантөшев). Кой оозунан чөп албаган к. кой I. Оозунан алдырган бөрүдөй болуу — даяр турган нерсесинен ажырап калуу, аңдоостон алдырып, күтпөгөн жерден колундагысынан ажырап аңкайып калуу. Оозуна таруу (күл, кум) куйгандай болуу — ооз ача албай, сүйлөй албай калуу, жооп кайтара албоо. Эки оозунун бири — кайра-кайра кайталап сүйлөй берүү, улам айта берүү. Башкарманын өзү баш болуп эки оозунун биринде эле мени «аксакал» деп калышты («Советтик Кыргызстан»). Бир ооз болуу — бирдикте болуу, бирин-бири колдоо. Баарыңар бир ооз болгула (Жантөшев). Кер ооз к. кер II. Бир ооз сөз — бир аз сөз, анча-мынча сөз. Ашык бир ооз да сөз кошконум жок (Байтемиров). Бир ооздон — бир добуштан, эч ким каршы болбостон, эч ким каршы чыкпастан. Бир ооздон кабыл алуу. Ооз жүзүндө — 1) оозеки; 2) иш жүзүндө эмес. Ооздон түшүрбөө — дайыма айта жүрүү. Ооз ачуу к. ач II. Ачык ооз к. ачык I. Оозун кармануу — өкүнүү, арманда калуу. Бактысы баштан тайганда, «Аттиң» деп оозун карманат (Осмонкул). Оозго кирүү же оозго алынуу — белгилүү боло баштоо, таанылуу, айтыла баштоо. Эл оозуна кирип, көпчүлүккө таанымал болуп калышты («Советтик Кыргызстан»). Көр оозунда к. кер I. Чөп ооз к. чөп. Оозун куу чөп менен аарчуу к. чөп.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
ооз
ооз айыбы
ооз акы
ооз алкым рефлекси
ооз апыртма
ооз ача албоо
ооз ачкыс кылуу
ооз ачтыруу
ооз ачуу
ооз басырык
ооз бекитүү
ооз булчуңдары
ооз диафрагмасы, тос мосу
ооз жүзүндө
ооз кесир
ооз комуз
ооз көңдөйү
ооз көптүр
ооз кыяк
ооз-мурун сезгениши
ооз омуртка
ооз тий-
ооз учунан
оозго аларлык
оозго алгыс
оозго алынбоо
оозго илинүү
оозго кирүү
оозго суу ууртап алган сып
оозго түшкөн алма
ооздогу абсцесс
ооздон оозго
ооздон оозго өтүү
оозмо-ооз
оозу ачылуу (таң калуу)
оозу бошоо
оозу жап болуу
оозу жыйылганча
оозу катуу (жылкыга
тиешелүү)
оозу күйүү
оозу менен орок оруу
оозу менен оттоо
оозу-мурду
оозу-мурду кыйшайбоо
оозу-мурдунан түшө
калгандай
оозу мурдунан чыгуу
оозу-оозуна жукпоо
оозу таш кабуу
оозу шок
оозуму кара жама жесин
оозун аңырдай ачуу
оозун аппак кылуу
оозун ачуу
оозун ачырбоо
оозун ачыруу
оозун басуу
оозун жап кылуу
оозун жыйып алгыча
оозуң кайсы десе, мур дун көрсөтүү
оозун кармануу
оозун кароо (көзүн ка роо)
оозун коё берүү
оозун көптүрүү
оозун күйгүзүү
оозун куу чөп менен
аарчуу
оозун майлоо
оозун таптоо
оозун тартпоо
оозун тиктөө
оозун төө тепсе деле
оозуна албоо
оозуна алы жетпөө
оозуңа ара
оозуңа жылан уялагыр!
оозуңа кан толгур!
оозуңа кара таш
оозуна каратуу
оозуна кармоо
оозуна келгенди оттоо
оозуна кеп кирбөө
оозуна кирүү
оозуна кулпу салынуу
оозуна кум куюлгандай
болуу
оозуңа май!
оозуңа ок!
оозуна сала берүү
оозуна сөз кирбөө
оозуна чөп албас
оозуна ээ боло албоо
оозунан айлансын
оозунан ак ит кирип,
кара ит чыгуу
оозунан акаарат кеп
чыгуу
оозунан алдырган бөрү дөй
оозунан жаңылуу
оозунан жел чыга электе
оозунан кара суу келүү
оозунан кеби түшүү
оозунан көк түтүн бур куроо
оозуңан секет болоюн!
оозунан сөзү түшүү
оозунан сөзүн жулуп
алуу
оозунан сүтү кете элек
оозунан түшө калган дай
оозунан түшүрбөө
оозунан чыгарбоо
оозунан чыгып кетүү
оозунан чыкканын эки
кылбоо
оозунан эне сүтү кете
элек
оозуңда бардыр!
оозунда беш ооз сөзү
жок
оозунда сөзү бар
оозунда эми бар
оозуңдан айланайын!
оозуңду бирөө тырма дыбы?
оозунун желин аёо
оозунун салуусу бар
оозунун чыгы кургабоо

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын жана жан-жаныбарлардын тамактануучу мүчөсү. Ооздон чыккан сөз – колдон учкан куш (макал). Оозу күйгөн үйлөп ичет (макал). Алдында турган кесени оозуна ала коюп кайра Марусяга сунду (Сыдыкбеков). 2. Түрдүү идиштердин же нерселердин моюн жагындагы же уч жагындагы ачыгы. Чаргын чаначты, чымчып буулган оозунан тутамдай кармап, чайкай баштады (Сыдыкбеков). Чоордун оозун тазалап, тарта баштаганда, Каныбек Жуманын маңдайына отура калды (Жантөшев). 3. Короого, коктуга, капчыгайга ж. б. кире бериш жери; дарбаза; кире бериштеги ачык жер.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөзүнөн жаңылып же бирөөгө тил тийгизип, шагын сындырып, уят кылып койгондугу үчүн тарткан айып, жаза. Илгери ата-баба салтында ооз айыбы үчүн жаза катуу болгон. Ооз айыбыңызды тарта элегиңизде, сөзүңүздү кайра алыңыз (Бейшеналиев). Карган томаяк ооз айыбын тартып, өз жеринен топурак буюрбай калсын (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сөзүнөн жаңылып же бирөөгө тил тийгизип, шагын сындырып, уят кылып койгондуту үчүн тарткан айып, жаза. Илгери ата-баба салтында ооз айыбы үчүн жаза катуу болгон. Ооз айыбыңызды тарта элегиңизде, сөзүңүздү кайра алыңыз (Бейшеналиев). Карган томаяк ооз айыбын тартып, өз жеринен топурак буюрбай калсын (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кандайдыр бир сөздү айтып жиберүү, айтуу. — Иш илгери, карыя!деди Жапар Жутабай карыя жакындаганда андан мурун оозанып (Баялинов). Кагылайын Элдияр, Ант оозанган тилиңден («Эр Табылды»).
  1. 2.                  Оозуна алуу, даамын көрүү, даам татуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сказать, произнести, провозгласить;
оозанганыбызга көп болду мы уже давно говорили;
андан башканы оозанбады другого он ничего не сказал;
оозанган ант произнесённая клятва;
кер атты аксарбашыл оозанды этн. он посвятил в жертву карего коня (произнёс соответствующую формулу);
2. брать в рот;
эртеден бери тамак оозана элекмин я с утра ещё ничего в рот не брал (не ел).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир сөздү айтып жиберүү, айтуу. – Иш илгери, карыя! – деди Жапар Жутабай карыя жакындаганда андан мурун оозанып (Баялинов). Кагылайын Элдияр, Ант оозанган тилиңден («Эр Табылды»). 2. Оозуна алуу, даамын көрүү, даам татуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаңыдан төрөлгөн балага берилген биринчи даам. Адатта, бул эненин сүтү. Ага удаа майлуу, сүттүү – дөөлөттүү, бардыгер болсун үчүн сары май берилет (даамын таттыруу аракети менен жалатат, эрдине сүртөт ж. б.) Оозантмакка баланы, Оң эмчегин салганы («Манас» С. О.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көтөрүп, кошуп айтма, өтө көтөрө чалма, ашыкча мактап жиберме. Менин ушундай ооз апыртмам бар (Абдукаимов). В.: Ооз көптүрмө. Ушундай жерде ооз көптүрмөнүн кереги эмне, – деп энем аларды тыйган болду («Асаба»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйлөбөө, унчукпоо, эч нерсе айтпоо. Абдил карыя менен жаңы келинден башкасы лам ооз ачышкан жок (Алыбаев). Энем экөөбүз ооз ачпай, ары-бери айланып жүрдүк («Кыргызстан маданияты»). Иштеги кемчиликтер жөнүндө ооз ачпоо кандай олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин көрсөтүп отурат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйлөтпөө, сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербөө. Анын ушул сөзү көптөн бери жүрөгүн зилдетип, акыры аны ооз ачырбай, мокотуп келген кеселдин өзүнө окшоду (Ашымбаев). Андан башка айланын жоктугу ооз ачырбай, кимдин да болсо демин кесип тунжуратты (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашырын сырды же бир нерсенин дайынын башка бирөөгө билгизбөө, чыгарбоо, жаап-жашырып коюу үчүн бериле турган же берилген баалуу буюм, нерсе, пара. Тигил миң башы менен старчынга, элүү башыларга берилген ооз басырыкты эмне дейсиң (Абдукаримов). Ко-ош мырза! Убадаң боюнча ооз басырыкты төлө (Осмоналиев). Азырынча колуктунун ооз басырыгына Манас менен Каныкей аралашкан окуяларды ала туралычы (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗГО КИРҮҮ Жүрүш-турушу менен тез эле оозго алынып кеткен жеңебиздин эмгегине да эл ыраазы («Ленинчил жаш»). Анын үстүнө орто мектепти дурус бүтүп, анча-мынча оозго алынып калган (Мавлянов). Жылдызкан дароо эле оозго алынды (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗГО КИРҮҮ Кече гана көчөдө топ кубалап жүргөн балакай бир эле күнү күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө жетип, жарданган көпчүлүктүн оозуна илинет (Айтматов). Мурун эл ичинде көрүнгөнгө түрткү болуп жүргөн кишилер да аштыкка бир чыгып келип, оозго илинди (Нурпеисов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүнүн жакшы сапаттары, адамгерчилиги менен элге белгилүү болуп, эл оозунда айтыла баштоо. Нүзүптүн даңкы бүткүл Таласка жайылды, ага кошумча өзүнүн түз сөздүүлүгү, сыпаачылыгы менен оозго кирип, элге алынып, мырза атыгып, күндөн күнгө кадыры артты, досу, курдашы, санаалашы көбөйдү (Касымбеков). Тунгуч аш-тойго барып балбанга түшүп, ошондон оозго кирет (Осмоналиев). Асанбек оозго кирди, атагы берки айылдан аркы айылга кетти (Осмоналиев). В.: Оозго алынуу. Жүрүш-турушу менен тез эле оозго алынып кеткен жеңебиздин эмгегине да эл ыраазы. Анын үстүнө орто мектепти дурус бүтүп, анча-мынча оозго алынып калган (Мавлянов). Жылдызкан дароо эле оозго алынды (Байтемиров). Оозго илинүү. Кече гана көчөдө топ кубалап жүргөн балакай бир эле күнү күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө жетип, жарданган көпчүлүктүн оозуна илинет (Айтматов). Мурун эл ичинде көрүнгөнгө түрткү болуп жүргөн кишилер да аштыкка бир чыгып келип, оозго илинди (Нурпеисов). Эл оозуна кирүү. Эл оозуна кирип, көпчүлүккө таанымал болуп калышты. Жигит атка конуп, эл оозуна кирди («Кыргызстан маданияты»). Топ аралап, эл оозуна кирип, жакшы атанып кетүүгө дилгир жаш уландар эмес... (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүнүн жакшы сапаттары, адамгерчилиги менен элге белгилүү болуп, эл оозунда айтыла баштоо. Нүзүптүн даңкы бүткүл Таласка жайылды, ага кошумча өзүнүн түз сөздүүлүгү, сыпаачылыгы менен оозго кирип, элге алынат, мырза атыгып, күндөн күнгө кадыры артты, досу, курдашы, санаалашы көбөйдү (Касымбеков). Тунгуч аш-тойго барып балбанга түшүп, ошондон оозго кирет (Осмоналиев). Асанбек оозго кирди, атагы берки айылдан аркы айылга кетти (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподобляться в отношении рта;
ачылган көр ооздон- иметь беззубый рот (букв. иметь рот, похожий на открытую могилу);
төө куйрук чайнаган төө ооздонгон его рот похож на рот верблюда, жующего астрагал;
ал сүйлөөчү ооздонбоду судя по всему (букв. по его рту), он не собирался говорить;
жылан менен арбашкан кой ооздонуп быстро и почти беззвучно двигая губами (напр. произнося заклинание, молитву).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗДОН ООЗГО ӨТҮҮ Ал ооздон оозго көчүп, тоо арасында ырдалып келген (Осмоналиев). Маанилүү окуяларды угуу, кайталап айтылып, улам толукталып... ооздон оозго көчүү деген - себепкер адамдын беделин көтөрөт (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Элге жайылып кетүү, биринен-бирине угулуп, дайын болуу, тарап кетүү. Батыйна жөнүндөгү кабар бат эле ооздон-оозго өттү (Сыдыкбеков). Чөмүч молдонун бул ыры ооздон оозго өтөт (Осмоналиев). Мейли жазылган жанытма казал жайылаар. Ооздон оозго, колдон колго өтөөр (Бейшеналиев). В.: Ооздон оозго жортуу. Канаттуу сөз, мурдагы Бошкойдун кордоосун тебелеп ооздон оозго жортту (Бейшеналиев). Ооздон оозго көчүү. Ал ооздон оозго көчүп, тоо арасында ырдалып келген (Осмоналиев). Маанилүү окуяларды угуу, кайталап айтылып, улам толукталып... ооздон оозго көчүү деген – себепкер адамдын беделин көтөрөт (Осмоналиев). Ооздон оозго тароо. Калмурзанын ыры ооздон оозго тарап, узун элдин учуна дейре угулат (Бейшеналиев). Жолуңда кездешкен айылдарды ...кырып-жоюп келаткан кабар ооздон-оозго тарап дүңкүлдөп жатты (Нурпеисов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Элге жайылып кетүү, биринен-бирине угулуп, дайын болуу, тарап кетүу. Батыйна жөнүндөгү кабар бат эле ооздон-оозго өттү (Сыдыкбеков). Чөмүч молдонун бул ыры ооздон оозго өтөт (Осмоналиев). Мейли жазылган жанытпма казал жайылаар. Ооздон оозго, колдон колго өтөөр (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗДОН ООЗГО ӨТҮҮ Калмурзанын ыры ооздон оозго тарап, узун элдин учуна дейре угулат (Бейшеналиев). Жолуңда кездешкен айыл-дарды ...кырып-жоюп келаткан кабар ооздон-оозго тарап дүңкүлдөп жатты (Нурпеисов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дайыма айтылуу, сөз болуу, эл арасында даңазалануу, унутулбоо. Айыл эли жеңүүчүлөрдү ооздон түшүрбөй жүрдү («Советтик Кыргызстан»). Армандуу зайып, бийкечтердин өз дилинен чыккандай сызылтып ооздон түшпөс даңазалуу ырларына айлантуусу мүмкүн (Бейшеналиев). Үйрөнүп, Байымбет байкебиздин казалы деп... кыз оюндарында ооздон түшүрбөй ырдап жүрсөк дейбиз (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дайыма айтылуу, сөз болуу, эл арасында даңазалануу, унутулбоо. Армандуу зайып, бийкечтердин өз дилинен чыккандай сызылтып ооздон түшпөс даңазалуу ырларына айлантуусу мүмкүн (Бейшеналиев). Үйрөнүп, Байымбет байкебиздин казалы деп... кыз оюндарында ооздон түшүрбөй ырдап жүрсөк дейбиз (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ооздук I
удила;
аттын ооздугун сал- взнуздать коня;
ооздук чыгар- разнуздать;
ооздук тиште- закусить удила;
ооздук чайна- грызть удила;
ооздук менен суу ич- пить воду неразнузданным;
ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет погов. когда коню приходится туго (при погоне), он пьёт воду неразнузданным;
ооздук менен сугар- поить (коня), не разнуздывая (при трудных обстоятельствах);
ооздугу жок аттай как конь без удил, как саврас без узды.
ооздук II
ачык ооздук см. ачык I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жүгөндүн кайышына бириктирилген, жүгөндөгөндө аттын оозуна салына турган темири. Акийма.. атынан түшүп, ооздугун чыгарып, чылбырынан кармады (Жантөшев). Кара болот ооздук. Көмөкөйдө карсылдап («Манас»).
Ооздук салуу — баш ийдирүү, багындыруу. Какыраган жерлерге, Ооздук салып Чоң Чүйгө, Бурганыңа кубанам (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жүгөндүн кайышына бириктирилген, жүгөндөгөндө аттын оозуна салына турган темири. Акийма... атынан түшүп, ооздугун чыгарып, чылбырынан кармады (Жантөшев). Кара болот ооздук Көмөкөйдө карсылдап («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ооздук салуу. Жанына адам жолотпогон азоолорду ооздуктап минген учуру да болгон («Чалкан»).
2. Баш ийдирүү, багындыруу, эпке келтирүү. Оюмда бар менин да, Балам, ооздуктайын, токтогун (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ооздон бир чыгып кеткен сөз, куру бекер айтылган, ишке ашпай турган кургак сөз. Башка көрө албаган жат көздөр ооздун жели, куру мактаныптыр деп жорушар (Жусупов). Менин оозумдун жели колум менен дароо чукталат (Бейшеналиев). В.: Ооз жели. Далай касиети артык манасчылардын керектүү чыгармалары ооз жели, өз башы менен кетти да, унутулду (Бейшеналиев). Бирөөгө кыямат... түйүнү табылбас туюк нерсе, бирөөгө опоңой ооз жели менен чечилет (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ооздон бир чыгып кеткен сөз, куру бекер айтылган, ишке ашпай турган кургак сөз. Башка көрө албаган жат көздөр ооздун жели, куру мактаныптыр деп жорушар (Жусупов). Менин оозумдун жели колум менен дароо чукталат (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: бир ооздуу единогласны;
баарыбыз бир ооздуу болсок, бизге эч ким бата албайт если мы все будем единогласны (напр. в требовании, в отказе и т.п.), то против нас никто не осмелится.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗДУН ЖЕЛИ Далай касиети артык манасчылардын керектүү чыгармалары ооз жели, өз башы менен кетти да, унутулду (Бейшеналиев). Бирөөгө кыямат... түйүнү табылбас туюк нерсе, бирөөгө оп-оңой ооз жели менен чечилет (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мактануу, курулай менменсинүү, көтөрүлүп сүйлөө. Ооз көптүрүп, Ойду ээрчиткен кур кыял, Ойлочу дос, Кайдан келсин көңүлгө? (Маликов). Ушу али да «мен Төрө менен Токтогулду айдатып», «тиги эле Курманжан датка өзү арага киши салса болбой»деп, оозун көптүрүп, мактаныч кылып жүрөт (Касымбеков). Күз келди, күз менен бирге Орозкул жайында көргөн сый-урматынын акысын, ооз көптүрүп берген убадасын, күзгө чейин деп алган карызын төлөөр учур келди (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнү белгилүү максат үчүн коноктоп, сыйлап коюу, көңүлүн алуу же паралоо. Бай, старчындардын оозун майлап койгондуктан, аны колдойт (Абдукаримов). Кудайбергендин балдары чоңунун оозун майлап, кушчудагы туугандарынын алдына да барышкан (Каимов). 2. Кылмышын, айыбын билип калган адамга ооз басырык кылып бир нерсе берүү. Иштин түбү жаман жакка чаап баратканын байкаган соң пара-сараны басып берип, улуктун оозун майлап, аке-жакелеп араң кутулду («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге аябай таң калуу, танданып, делдейип туруп калуу. Жеңем Лайлыкандын ыйлаганын көрүп, оозу ачылып, корко баштады (Жантөшев). - Ой, көрбөгөндөчү, укмуш болду. Оозум ачылып калыптыр. Күч деп ушуну айт (Айтматов). ...Эки өркөч төөдөн башка тирүү жан жок жерде да адам турат экен деп ооздору ачылып өтүп жатпайбы (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге аябай таң калуу, таңданып, делдейип туруп калуу. Жеңем Лайлыкандын ыйлаганын көрүп, оозу ачылып, корко баштады (Жантөшев). – Ой, көрбөгөндөчү, укмуш болду. Оозум ачылып калыптыр. Күч деп ушуну айт (Айтматов). ...Эки өркөч төөдөн башка тирүү жан жок жерде да адам турат экен деп ооздору ачылып өтүп жатпайбы (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө бир нерсени батынып, даап айта албоо, тарткынчыктоо. Курдаш деген сөздөн кийин Айнагүлдү байбиче деп айтышка Батийнанын оозу барбады (Сыдыкбеков). Алмакан апа элден мурун почтодон укса да айтууга оозу барбай, үйүнө ыйлап кирип кетти (Жусупов). ...Ашырбек нечен-нечен ич күптүүсүн кыйкырып жибере жаздап, бирок, ага оозу барбай ачуусун ошол тушта суу көтөрүп чукул келип калган аялын көздөй атырылтты (Акматов). В.: Оозу батпоо. «Жакшылык кабарбы?» деп сурашка Искактын оозу батпады (Касымбеков). Дөөттүн бул жоругун көргөндөр аны карып калды деп айтууга оозу батпайт (Осмоналиев). – Оозум батпай турду эле, датка! – деп калды (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө бир нерсени батынып, даап айта албоо, тарткынчыктоо. Курдаш деген сөздөн кийин Айнагүлдү байбиче деп айтышка Батийнанын оозу барбады (Сыдыкбеков). Алмакан апа элден мурун почтодон укса да айтууга оозу барбай, үйүнө ыйлап кирип кетти (Жусупов). ...Ашырбек нечен-нечен ич күптүүсүн кыйкырып жибере жаздап, бирок, ага оозу барбай ачуусун ошол тушта суу көтөрүп чукул келип калган аялын көздөй атырылтты (Акматов). Сурайын десем, оозум барбайт, корком (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗУ БАРБОО «Жакшылык кабарбы?» деп сурашкаИскактын оозу батпады (Касымбеков). Дөөттүн бул жоругун көргөндөр аны карып калды деп айтууга оозу батпайт (Осмоналиев). - Оозум батпай турду эле, датка! - деп калды (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орозо кармаган, орозонун шартына ылайык келбеген учурда тамак-аш ичпеген, оозуна даам албаган. – Орозо айы эмеспи, оозум бек эле, балам (Осмоналиев). 2. Оңой менен оозунан сөз чыкпаган, ичине сыр сактай алган. Андан коркпой эле кой, анын оозу бек («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ичине сыр сактай албаган, ачык ооз. Оозу бош жаным, кайдан божурап ийдим (Сыдыкбеков). Жамалкан эженин оозу бош (Абдукаимов). Балдар, мен төлгөнү бекер ачтырган экенмин, эми оозу бош киши айтпай тура албайт (Абдукаимов). 2. Чын ыкласы менен эмес, калп эле, ооз учунан гана. Анысы чын дечи, – деп оозу бош кобурады (Ашымбаев). – Келиңиз, – дедим оозум бош («Кыргызстан маданияты»). Кары чоочуркап тиктеп, оозу бош салам айтты (Касымбеков). Шакир Саяктын көңүлун улай, оозу бошураак унчукту (Абдыраманов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Ичине сыр сактай албаган, ачык ооз. Оозу бош жаным, кайдан божурап ийдим (Сыдыкбеков). Жамалкан эженин оозу бош (Абдукаимов). Балдар, мен төлгөнү бекер ачтырган экенмин, эми оозу бош киши айтпай тура албайт (Абдукаимов). 2. Чын ыкласы менен эмес, калп эле, ооз учунан гана. Анысы чын дечи, - деп оозу бош кобурады (Ашымбаев). - Келиңиз, - дедим оозум бош («Кыргызстан маданияты»). Кары чоочуркап тиктеп, оозу бош салам айтты (Касымбеков). Шакир Саяктын көңүлүн улай, оозу бошураак унчукту (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйлөөгө, кеп айтууга даай албоо, жооп кайтара албай тим болуу, сүйлөй албай калуу. Айдайкандын оозу жап болуп, эшикти тарс жаап чыгып кетти (Убукеев). Бу Муса кайда жүрөт?– ...деди да, оозу жап болду (Убукеев). Ошону менен Мукандын оозу жап боло турган (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сүйлөөгө, кеп айтууга даай албоо, жооп кайтара албай тим болуу, сүйлөй албай калуу. Айдайкандын оозу жап болуп, эшикти тарс жаап чыгып кетти (Убукеев). Бу Муса кайда жүрөт?- ...деди да, оозу жап болду (Убукеев). Ошону менен Мукандын оозу жап боло турган (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Колунан эч нерсе келбесе да «бүтүрөм», «кыйратам» деп курулай опурула берүү, айта берүү. – Оозуңар менен орок оруп, тилиңер менен машак тере турган кокуй немелер экенсиңер! - деп, келин нааразыланды (Убукеев). Мага айтпагандын баарын айттырып, оозу менен орок оро бериптир (Жигитов). Ошол экөө биригип алып, оозу менен орок оргондой болсо, жиниң келет (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунан эч нерсе келбесе да «бүтүрөм», «кыйратам» деп курулай опурула берүү, айта берүү. – Оозуңар менен орок оруп, тилиңер менен машак тере турган кокуй немелер экенсиңер! – деп, келин нааразыланды (Убукеев). Мага айтпагандын баарын айттырып, оозу менен орок оро бериптир (Жигитов). Ошол экөө биригип алып, оозу менен орок оргондой болсо, жиниң келет (Саатов). В.: Оозу менен оттоо. – Эмне деп оозуң менен оттоп турасың (Нурпеисов). Оюна келгенди оттоо. Оюңа келгенди оттоп жүрсөң максатың ишке ашпайт (Тойбаев). Садыр чындап мас болду. Ал оюна келгендин баарын оттоп жатты (Мырзаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтууга болбой турган, ыгы келбеген нерсени уялбай, ийменбей айтып салуу, каратып туруп калп айта берүү. Оозу-мурдуң кыйшайбай туруп кантип айттың ушуну (Байтемиров). ...Окуучулардын ордуна башка жандыктарды окутуп каларына күнөм жок экендигин оозу-мурду кыйшайбай жазса соо киши күлөт да! (Жусубалиев). Ошондо оозу-мурду кыйшайбай туруп эле «ат табылганча аяк улоо» деди (Саатов). В.: Оозу-мурду кыйышпай. Айтор оозу-мурду кыйышпай туруп, жакында ишке киришебиз десе болобу («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтууга болбой турган, ыгы келбеген нерсени уялбай, ийменбей айтып салуу, каратып туруп калп айга берүү. Оозу-мурдуң кыйшайбай туруп кантип айттың ушуну (Байтемиров). ...Окуучулардын ордунабашкажандыктарды окутуп каларына күнөм жок экендигин оозу-мурду кыйшайбай жазса соо киши кулөт да! (Жусубалиев). Ошондо оозу-мурду кыйшайбай туруп эле «ат табылганча аяк улоо» деди (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Ашыра ичүү, өлчөмүнөн көп ичип -жеп коюу. Ичимдиктерди тапшырышып келишип, күбү менен быштырып коюп тойгончо, алтургай оозу-мурундарынан чыкканча ичишиптир (Мавлянов). Үйдө болгон тамакты оозу-мурдунан чыкканча шыкады (Бердикеев). Эт, май, чайды оозу-мурдунан чыгарып шыкап турбаса, чукчуюп кабагын ачпаган неме (Кыдырмышев). 2. Ай-күнүнө жетип, төрөрүнө жакындап калуу (кош бойлуу аялга карата). Аялынын оозу-мурдунан чыгып турат. - Былжыраба! Башка кесир кылба. Оозу-мурдунан чыгып турса (Садыбакасов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ашыра ичүү, өлчөмүнөн көп ичип-жеп коюу. Ичимдиктерди тапшырышып келишип, күбү менен быштырып коюп тойгончо, ал тургай оозу-мурундарынан чыкканча ичишиптир (Мавлянов). Үйдө болгон тамакты оозу-мурдунан чыкканча шыкады (Бердикеев). Эт, май, чайды оозу-мурдунан чыгарып шыкап турбаса, чукчуюп кабагын ачпаган неме (Кыдырмышев). 2. Ай-күнүнө жетип, төрөрүнө жакындап калуу (кош бойлуу аялга карата). Аялынын оозу-мурдунан чыгып турат. – Былжыраба! Башка кесир кылба. Оозу-мурдунан чыгып турса (Садыбакасов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Уккан-көргөнүн, алды-артын байкабай көрүнгөн жерде айта берүү. Жөн эле айта бересиңби, найсап! Эмне оозуңа алың жетпейби? (Саатов). Оозуна алы жетпеген үйлөп учурбайбы!? (Касымбеков). Эмне үчүн ушуга окшогон оозуна алы жетпеген аялдар өздөрүн кыйын ойлошот («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уккан-көргөнүн, алды-артын байкабай көрүнгөн жерде айта берүү. Жөн эле айта бересиңби, найсап! Эмне оозуңа алың жетпейби? (Саатов). Оозуна алы жетпеген үйлөп учурбайбы!? (Касымбеков). Эмне үчүн ушуга окшогон оозуна алы жетпеген аялдар өздөрүн кыйын ойлошот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келжиреген орунсуз сөздөрдү сүйлөй берүү, ар кайсынын башын айтып тантыроо. – Акын оозуна келгенди оттой береби (Бейшеналиев). Кадыр эми башкы эсепчиге жалынып, оозуна келгенди оттоп, алынын келишинче бакылдап жатты (Бердикеев). – Ай сен да оозуңа келгенин оттой берет экенсиң, – деп Сабитжан жалжактап калды (Айтматов). В.: Оозуна келгенин айтуу. – Жөн эле оозума келгенин айтып койдум да, – деди бүжүрөп (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Келжиреген орунсуз сөздөрдү сүйлөй берүү, ар кайсынын башын айтып тантыроо. – Акын оозуна келгенди оттой береби (Бейшеналиев). Кадыр эми башкы эсепчиге жалынып, оозуна келгенди оттоп, алынын келишинче бакылдап жатты (Бердикеев). - Ай сен да оозуңа келгенин оттой берет экенсиң, -деп Сабитжан жалжактап калды (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне айтарын билбей дендароо боло түшүү, жооп таап кайтара албай оозунан кеби түшүү. Курманжан оозуна кеп кирбей кеңгиреп, жүрөгү капилеттен торго чалынган чымчыктай алдас ура тыбырап, тула боюнан тер кетип, отуруп калды (Касымбеков). Мына, Маамыт баягы сүрдөгөн оозуна кеп кирбей калган малай Маамыт боюнча эмес - Ташкенден окуган, партияга алынган, кантордун бир белдүү кызматчысы (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне айтарын билбей дендароо боло түшүү, жооп таап кайтара албай оозунан кеби түшүү. Курманжан оозуна кеп кирбей кеңгиреп, жүрөгү капилеттен торго чалынган чымчыктай алдас ура тыбырап, тула боюнан тер кетип, отуруп калды (Касымбеков). Мына, Маамыт баягы сүрдөгөн оозуна кеп кирбей калган малай Маамыт боюнча эмес – Ташкенден окуган, партияга алынган, кантордун бир белдүү кызматчысы (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Экинчи кайтарып сөз айта албоо, ооз ача албоо, жооп кайтарып сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү болбоо. Чачтуу думананын оозуна кум куюлгандай болду («Ала-Тоо»). Оозуна кум куюлгандай болуп унчукпаганына ардыгып, ызаланып... темирдей ысык бирдеке анын өзөгүн куйкалап жиберди (Садыбакасов). В.: Оозуна күл куюлгандай болуу. Оозуна күл куюлгандай болуп, үндөгөн жок («Ала-Тоо»). Оозуна талкан куюлгандай болуу. – Сиз эмне көлөкөдөй ээрчип алдыңыз! – деди кыз. Жигит оозуна талкан куюлгандай болуп үч-төрт мүнөт унчукпай калды («Чалкан»). Оозуна таруу куюлгандай болуу. Оозуна таруу куюлгандай болуп, жер тиктеп тура берди (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Экинчи кайтарып сөз айта албоо, ооз ача албоо, жооп кайтарып сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү болбоо. Чачтуу думананын оозуна кум куюлгандай болду («Ала-Тоо»). Оозуна кум куюлгандай болуп унчукпаганына ардыгып, ызаланып... темирдей ысык бирдеке анын өзөгүн куйкалап жиберди (Садыбакасов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Даяр турган нерсесинен ажырап, эмне кыларын билбей аңкайып калуу, эмне кыларын билбей далдырай түшүү. Беш кишиге Адыкелер даай алышпай, оозунан алдырган бөрүдөй болуп аргасыз калышты (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн көңүлүн калтырган, шагын сындырган, адамдыгын тепсеген жаман сөз айтуу. Бири бет келгенин жапырып, «андай эмес, Мындай» деп, биринин арбагын эл алдында тебелешке өрөпкүйт, оозунан акаарат кеп чыгат (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн көнүлүн калтырган, шагын сындырган, адамдыгын тепсеген жаман сөз айтуу. Бири бет келгенин жапырат, «андай эмес, мындай» деп, биринин арбагын эл алдында тебелеп же өрөпкүйт, оозунан акаарат кеп чыгат (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оюна, оозуна келгенди оттоп сөгүнүү, оозго алгыс ыплас сөздөрдү айтуу, тилдөө, каргоо. Орозкулдун оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, атасынын көзүнчө кызын дөбөт жыттабас канчык, күнү бүткүчө кысыр калган эшек деп, ...сөгүп жатканын аргасыздан уккан тура (Айтматов). Калыйпа катындык кылып алкынып, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан күндө да бир кебелип койгон эмес (Бердикеев). Туш келген жерден апчылашып, тытышып, үзүшүп, ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыгып дегендей болушуп, суй жыгылышканча элге арача беришпей ажаандашыптыр (Медетов). В.: Оозунан ак ит кирип, сары ит чыгуу. – Аа балдарыңа! ... – деп бакылдаган үнү менен сөгүп, оозунан ак ит кирип, сары ит чыкты («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Оюна, оозуна келгенди оттоп сөгүнүү, оозго алгыс ыплас сөздөрдү айтуу, тилдөө, каргоо. Орозкулдун оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, атасынын көзүнчө кызын дөбөт жыттабас канчык, күнү бүткүчө кысыр калган эшек деп, ...сөгүп жатканын аргасыздан... уккан тура (Айтматов). Калыйпа катындык кылып алкынып, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан күндө да бир кебелип койгон эмес (Бердикеев). ...Туш келген жерден апчылашып, тытышып, үзүшүп, ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыгып дегендей болушуп, суй жыгылышканча элге арача беришпей ажаандашыптыр (Медетов). Кемпир мага ооз ачырбады. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Даяр турган нерсесинен ажырап, эмне кыларын билбей аңкайып калуу, эмне кыларын билбей далдырай түшүү. Беш кишиге Адыкелер даай алышпай, оозунан алдырган бөрүдөй болуп аргасыз калышты (Сыдыкбеков). В.: Оозунан алдыргандай болуу. Оозунан алдыргандай болуп умсунуп калышты. Угарын укту го Адылбек, негедир оозунан алдыргандай болуп комулдай түттү (Өмүрбаев). Канча бир түшүндө оозунан алдыргандай комунган эле (Өмүрбаев). Оозунан жулдурган бөрүдөй болуу. Куралдуу сакчылар оозунан жулдурган бөрүдөй аң-таң аңырайышты (Бейшеналиев). ...Сайган байгелерин колдон келсе бүт алсак, оозунан жулдурган бөрүдөй болор эле (Осмоналиев). Оозунан алдырган бөрүчө. Оозунан алдырган бөрүчө далдырай түшкөн долонотулуктар дароо Бекниязды эстешет ошондо (Акматов). Оозунан жулдургандай болуу. Бир заматта оозунан жулдургандай болду да калды («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗУНАН ААДЫРГАН БӨРҮДӨЙ БОЛУУ Оозунан алдыргандай болуп умсунуп калышты. Угарын уктуго Адылбек, негедир оозунан алдыргандай болуп комулдай түштү (Өмүрбаев). Канча бир түшүндө оозунан алдыргандай комсунган эле (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтылган сөздү, сырды эч кимге айтпоо, билдирбөө, ичке сактоо. Менин оозуман башка бирөөгө жел да чыкпаган (Жантөшев). В.: Оозунан жел чыгарбоо. Жанынан үмүт кылгандар оозунан жел чыгарбасын деп, бардыгыбызды чогултуп алып кекетишти (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗУНАН ААДЫРГАН БӨРҮДӨЙ БОЛУУ Куралдуу сакчылар оозунан жулдурган бөрүдөй аң таң аңырайышты (Бейшеналиев). ...Сайган байгелерин колдон келсе бүт алсак, оозунан жулдурган бөрүдөй болор эле (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан ачка болуп өзөгү караруу, ачкалыктан кайышуу, өзөгү үзө тартуу. Оозуман кара суу келип, кыйындык менен дем алып, күйүгүп кеттим (Элебаев). ...Жарытылуу наар татпаган кургурдун өзөгү үзө тартып, оозунан кара суу келет (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан ачка болуп өзөгү караруу, ачкалыктан кайышуу, өзөгү үзө тартуу. Оозуман кара суу келип, кыйындык менен дем алып, күйүгүп кеттим (Элебаев). ...Жарытылуу наар татпаган кургурдун өзөгү үзө тартып, оозунан кара суу келет (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗУНАН СӨЗҮ ТҮШҮҮ Аларды көргөндө эле айыпкер шордуулардын сүрүкачып, ооздорунан кеби түштү бейм, теңир? (Сыдыкбеков). Амир Музафар оозунан кеби түшүп, нестейип токтоло калды (Касымбеков). Таң калганынан Орозкул оозунан түштү (Айтматов). Тиги эси чыгып, ооздорунан кеби түшүп калгандар да сыртка чыгышты (Айтматов). Тиги эси чыгып, ооздорунан кеби түшүп калгандар да сыртка чыгышты (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗУНАН КӨК ТҮТҮН БУРКУРОО Чоң атам Шырдак ошондогу турмушун эскергенде «олда оңбогон куу турмуш ай» -деп оозунан көк түтүн буратып арман менен айтканын али да болсо кулагыма угулгансып турат (Жантөшев). Ал шофер болушту эңсегендей болсо оозунан көк түтүн бурайт (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу кайгыруу, күйүнүү, муңкануу, сыздоо же аябай эңсөө, көксөө. Элди, жерди сагынганын айтып, бир көрсөм дегидей болсо, оозунан көк түтүн буркурайт (Аалы). В.: Оозунан көк түтүн буратуу. Чоң атам Шырдак ошондогу турмушун эскергенде «олда оңбогон куу турмуш ай»– деп оозунан көк түтүн буратып арман менен айтканын али да болсо кулагыма угулгансып турат (Жантөшев). Ал шофер болушту эңсегендей болсо оозунан көк түтүн буркурайт (Өмүрбаев). Оозунан көк түтүн булоо. Төрөбеков болсо оозунан көк түтүн булап, эмне деп жооп кайтарарын билбей туруп калды (Егиналиев). Оозунан көк жалын чыгуу. Кайгысын айтат буркурап Оозунан көк жалын чыгат шыркырап («Манас»). Абылым дегидей болсо, бечара Батийнанын оозунан көк жалын чыгат (Сыдыкбеков). Оозунан көк түтүн чыгуу. Сүйгөн жарын, асыл балдарын эстегенде Иващенконун оозунан көк түтүн чыгып, тапка келген кыргыйдай алга умтулат да турат (Баялинов). Оозунан чыгат көк түтүн Ойдогу дарты козголуп («Эр Табылды»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗУНАН КӨК ТҮТҮН БУРКУРОО Сүйгөн жарын, асыл балдарын эстегенде Иващенконун оозунан көк түтүн чыгып, тапка келген кыргыйдай алга умтулат да турат (Баялинов). Оозунан чыгат көк түтүн Ойдогу дарты козголуп («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйлөп жаткан адамдын сөзү бүтө электе эле өз сөзүн айтып кирүү, сөзүн жыра тартуу, аны токтоого аргасыз кылуу. Ашырбек досуна айтарда, мергенчи оозунан сөзүн жулуп алды (Ашымбеков). – Мен эмне элди сага окшоп тоноп-бутап жеп жатыптырмынбы? – деди Муса, Абылкасымдын оозунан сөзүн жулуп алып (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сүйлөп жаткан адамдын сөзү бүтө электе эле өз сөзүн айтып кирүү, сөзүн жыра тартуу, аны токтоого аргасыз кылуу. Ашырбек досуна айтарда, мергенчи оозунан сөзүн жулуп алды (Ашымбеков). -Мен эмне элди сага окшоп канап-бутап жеп жатыптырмынбы? –деди Муса, Абылкасымдын оозунан сөзүн жулуп алып (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтып жаткан сөзүн аяктай албай, эмне дээрин, эмне айтарын билбей далдырап туруп калуу, апкаарый түшүү. Бек оозунан сөзү түшүп, эмне дээрин билбей, селдейип калды (Каимов). Бий алдына барганда мындан бетер момпоюп-тымпыйып, оозубуздан сөз түшөт (Сыдыкбеков). Курманжан оозунан сөзү түшүп, кабагын үйрүй тиктеп калды (Касым-беков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтып жаткан сөзүн аяктай албай, эмне дээрин, эмне айтарын билбей далдырап туруп калуу, апкаарый түшүү. Бек оозунан сөзү түшүп, эмне дээрин билбей, селдейип калды (Каимов). Бий алдына барганда мындан бетер момпоюп-тымпыйып, оозубуздан сөз түшөт (Сыдыкбеков). Курманжан оозунан сөзү түшүп, кабагын үйрүй тиктеп калды (Касымбеков). В.: Оозунан кеби түшүү. Аларды көргөндө эле айыпкер шордуулардын сүрү качып, ооздорунан кеби түштү бейм, теңир? (Сыдыкбеков). Амир Музафар оозунан кеби түшүп, нестейип токтоло калды (Касымбеков). Таң калганынан Орозкул оозунан кеби түштү (Айтматов). Тиги эси чыгып, ооздорунан кеби түшүп калгандар да сыртка чыгышты (Айтматов). Оозунан сөзү ыргуу. Капитан столду муштап какыйганда, Ысактын оозунан сөзү ыргып кандай чыга качканын билбейт (Садыбакасов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дайыма айта жүрүү, эскере жүрүү, эсинен чыгарбоо. Эми айылдагылар .. .кадырлабай жүргөн Дуңкананы ооздорунан түшүрүшпөй кеп-сөзгө алышты (Жусупов). Эл ичинде Кулукеңди ооздорунан түшүрүшпөйт дешет ко, ошондойбу? (Мавлянов). Баягы арча челекти эрке токолго алып барып берди эле, тамак куйган сайын Ашырбайды оозунан түшүрбөс болду (Ш. Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дайыма айта жүрүү, эскере жүрүү, эсинен чыгарбоо. Эми айылдагылар ...кадырлабай жүргөн Дуңкананы ооздорунан түшүрүшпөй кеп-сөзгө алышты (Жусупов). Эл ичинде Кулукеңди ооздорунан түшүрүшпөйт дешет ко, ошондойбу? (Мавлянов). Баягы арча челекти эрке токолго алып барып берди эле, тамак куйган сайын Ашырбайды оозунан түшүрбөс болду (Ш.Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч кимге айтпоо, эч кимге билдирбөө, жашыруу. – Мен председателъ бойдон турсам, сени сөзсүз заводдун башчысына көтөрөм, жыргайбыз, оозуңдан чыгарба, – деген (Ашымбаев). ...Иштин токтоп калуу себептерин өлөр өлгөнчө оозуман чыгарбайм деген тил катка кол коюп анан тарап кетүү чечими болду (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч кимге айтпоо, эч кимге билдирбөө, жашыруу. - Мен председатель бойдон турсам, сени сөзсүз заводдун башчысына көтөрөм, жыргайбыз, оозуңдан чыгарба, - деген (Ашымбаев). ...Иштин токтоп калуу себептерин өлөр өлгөнчө оозуман чыгарбайм деген тил катка кол коюп анан тарап кетүү чечими болду (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Таң калуу, айран-таң болуу. От жагар эч камтамасы жок, тике турганы боюнча чараны кош колдоп көтөрүп, жорокорлордун оозун аңырдай ачып, бүт шыңгытып, түбүн сарыктырьт ууртап салды (Касымбеков). В.: Оозун араандай ачуу. Араандай оозу ачылып, Тизгинине ал жетпей («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу кагып, такыр унчукпас, сүйлөгүс кылуу, жаагын жап кылуу. Булардын кармайм деген колун кагып, сүйлөйм деген оозун аппак кылып басып кетиптир (Абдукаимов). Таабалды кайратына келе түшүп, мырзалардын оозун аппак кыла баштады (Бектенов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу кагып, такыр унчукпас, сүйлөгүс кылуу, жаагын жап кылуу. Булардын кармайм деген колун кагып, сүйлөйм деген оозун аппак кылып басып кетиптир (Абдукаимов). Атама каршы чыгып оозун аппак кылайын деген элем, раистин көз ымдап, эрдин кысканынан улам унчукпай калдым (Жантөшев). Таабалды кайратына келе түшүп, мырзалардын оозун аппак кыла баштады (Бектенов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтканы айткандай келүү, айтканындай болуп чыгуу. Оозума сала берген экен келиним айыгып кетти (Медетов). Жеңебиздин оозуна кудай сала берген тура (Сыдыкбеков). Көрсө-ө, атаңдан айланайын... оозума чын эле сала берген тура (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтканы айткандай келүү, айтканындай болуп чыгуу. Оозума сала берген экен келиним айыгып кетти (Медетов). Жеңебиздин оозуна кудай сала берген тура (Сыдыкбеков). Көрсө-ө, атаңдан айланайын ... оозума чын эле сала берген тура (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтар сөзүн таба албай, айтайын дегенин айта албай апкаарый же дапдаарый түшүү. Бопуш эмне кыларын билбей, оозуна да сөз кирбей, бир дал боло түштү (Мавлянов). Жүрөгү бир ысып, өлгөнү тирилгендей кубанып, оозуна сөз кирбей, комузду кармалап, сыйпалап туруп калды (Касымбеков). Чокондун оозуна сөз кирбей аптыгып калды (Абдыракманов). В.: Оозуна эчтеме кирбөө. Эриндери титиреди, эмнегедир эки көзү Абилден өттү, Абил аны тиктебеди, оозуна эчтеме кирбей жигиттин башы каңгырады (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтар сөзүн таба албай, айтайын дегенин айта албай апкаарый же дапдаарый түшүү. Бопуш эмне кыларын билбей, оозуна да сөз кирбей, бир дал боло түштү (Мавлянов). Жүрөгү бир ысып, өлгөнү тирилгендей кубанып, оозуна сөз кирбей, комузду кармалап, сыйпалап туруп калды (Касымбеков). Чокондун оозуна сөз кирбей аптыгып калды (Абдыракманов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Таң калуу, эмне экенин биле албай аңырайып тура берүү. Ошентип койсом,абышкамүрпөйүп, оозун ачып калыптыр (Айтматов). Таенеси да, Бекей таежеси да, кызын көтөргөн Гүлжамал да ооздорун ачып, жээкте турмак (Айтматов). Асмандагы жыбыраган жылдыздарга оозумду ача карап, делдиреп калыпмын (Жусупов). Байымбет кызык жомок тыңдагандай досуна оозун ача делдейди (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Таң калуу, эмне экенин биле албай аңырайып тура берүү. Ошентип койсом, абышкам үрпөйүп, оозун ачып калыптыр (Айтматов). Таенеси да, Бекей таежеси да, кызын көтөргөн Гүлжамал да ооздорун ачып, жээкте турмак (Айтматов). Асмандагы жыбыраган жылдыздарга оозумду ача карап, делдиреп калыпмын (Жусупов). Байымбет кызык жомок тыңдагандай досуна оозун ача делдейди (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан таңдандыруу, аябай таң калтыруу, өтө таңыркатуу. - Дал Фрунзенин өзүндө Нурийла экөөңдүн тоюңда атайын ага арнап ырдап, далайдын оозун ачырам, алаканын жыртам (Бейшеналиев). Мал аркасы менен далайдын оозун ачырып, далайдын кулагын делдейткен (Осмоналиев). -Тигил үйдө Кашгары ырчы сонун ырларды комузуна кошуп ырдап... боорубузду эзип, оозубузду ачырды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан таңдандыруу, аябай таң калтыруу, өтө таңыркатуу. Нурийла экөөңдүн тоюңда атайын ода арнап ырдап, далайдын оозун ачырам, алаканын жыртам (Бейшеналиев). Мал аркасы менен далайдын оозун ачырып, далайдын кулагын делдейткен (Осмоналиев). – Тигил үйдө Кашгары ырчы сонун ырларды комузуна кошуп ырдап боорубузду эзип, оозубузду ачырды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ырчылыгы, акындыгы ашынган, мыкты ырдаган, жамакчылыгы, сөзмөрдүгү ашкан. «Чекир кишинин оозуна шайтан түкүргөн» деген кеп ырас бейм. Сарала чекир турумтайдай эпейип кеп баштаганда ынандырып салат (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ырчылыгы, акындыгы ашынган, мыкты ырдаган, жамакчылыгы, сөзмөрдүгү ашкан. «Чекир кишинин оозуна шайтан түкүргөн» деген кеп ырас бейм. Сарала чекир турумтайдай эпейип кеп баштаганда ынандырып салат (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Тизгинин тартып токтото албай ала качтыруу. Акия аттардын оозуна ээ боло албай, бээни арабанын огу менен койдурду (Сыдыкбеков). 2. Өзүн-өзү токтото албоо, оозуна эмне келсе, ошону ылгабай айта берүү. Оозуна ээ боло албагандан кийин, андай жерге барып эмне кыласың? - деп жемелей баштады («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тизгинин тартып токтото албай ала качтыруу. Акия аттардын оозуна ээ боло албай, бээни арабанын огу менен койдурду (Сыдыкбеков). 2. Өзүн-өзү токтото албоо, оозуна эмне келсе, ошону ылгабай айта берүү. Оозуна ээ боло албагандан кийин, андай жерге барып эмне кыласың? – деп жемелей баштады («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айттырбоо, сүйлөтпөө, сүйлөтпөй тыйып коюу, токтотуу. Кокуй оозуңду баса тур, байкабай айтып жибердим, – дегендей шек берди (Ашымбаев). Ачуусу келе түшкөн неменин андан бетер жинине тийгиси келбей, Мырзабек оозун басты (Абдукаимов). Үмүткандын тышынан коргоп, астыртан болушуп, Үмүткандын артынан айтылган ушак-айың айта койгондордун оозун басып жүрөт (Өгөбаев). В.: Оозун жап кылуу. – Эми, мырза, ошент оозуңду жап кыл, айтып коеюн, ыраазы кылам... (Касымбеков). Акча берип оозун жап кылды.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айттырбоо, сүйлөтпөө, сүйлөтпөй тыйып коюу, токтотуу. Кокуй оозуңду баса тур, байкабай айтып жибердим, -дегендей шек берди (Ашымбаев). Ачуусу келе түшкөн неменин андан бетер жинине тийгиси келбей, Мырзабек оозун басты (Абдукаимов). ...Үмүткандын тышынан коргоп, астыртан болушуп, Үмүткандын артынан айтылган ушак-айың айта койгондордун оозун басып жүрөт (Өгөбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтып бүткүчө, сөзүнүн аягына чыккыча, айтып бүтө электе. Ирина оозун жыйып алгыча, сырткы эшикти бирөө какты (Жантөшев). Оозун жыйып алгыча, Жетип Алмаң барды эми («Манас»). Какшап айтып Манаска, Оозун жыйып алгыча («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтып бүткүчө, сөзүнүн аягына чыккыча, айтып бүтө электе. Ирина оозун жыйып алгыча, сырткы эшикти бирөө какты (Жантөшев). Оозун жыйып алгыча, Жетип алмаң барды эми («Манас»). Какшап айтып Манаска оозун жыйып алгыча («Манас»). Ал киши оозун жыйып алгыча, алачык ичи жарк этти (Жантөшев). В.: Оозун жыйгыча. Оозун жыйгыча эки жеңеси колтуктаган Назгүл кирди (Осмоналиев). Андай-мындай дегиче Айтып оозун жыйгыча («Эр Төштүк»). Деп ошентип Күлчоро Айтып оозун жыйгыча («Сейтек»). Оозун жыя электе. Сагын оозун жыя электе тоо эчкини жонуна арчындатып, бараңын асынган калыбында Кулу эшиктен баш бакты (Осмоналиев). Оозун жыйып ала электе. Бул өзү бара жаткан чабаганчы, Деп Мамбет оозун жыйып ала электе, Бет алып экөөн көздөй бура тартты (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөзүн айтпай токтоп калуу, айтып аткан сөзүн токтото коюу. Мамыт акенин кыйыгына тийбейин дедиби оозун жыйып алды. Ал кат бизде, – деп жибере жаздап оозун жыйып алды (Ашымбаев). Кундуз демин ичине жыйып, жакшы эле бир нерсе айтмакчы болот деле кайра ошого жүрөгү даап бара албай оозун жыйып алат (Акматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сөзүн айтпай токтоп калуу, айтып аткан сөзүн токтото коюу. Мамыт акенин кыйыгына тийбейин дедиби оозун жыйып алды. Ал кат бизде, -деп жибере жаздап оозун жыйып алды (Ашымбаев). Кундуз демин ичине жыйып, жакшы эле бир нерсе айтмакчы болот деле кайра ошого жүрөгү даап бара албай оозун жыйып алат (Акматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир иштин болуп кетишине же айтылып калган сөзүнө катуу өкүнүү, өкүттө, арманда калуу. Бактысы баштан тайганда, «Аттиң» деп оозун карманат (Осмонкул). - Кой каралдым, ...эреже бузуп, ырк бузуп, кийин кинээ сөз угуп, өмүр бою өкүнүп, оозуңду карманба?! (Касымбеков). Бүбү өзү деле жыргаган түрү жокко, оозун карманып жүргөндүр да, адам бир адашат тура ... (Өгөбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир иштин болуп кетишине же айтылып калган сөзүнө катуу өкүнүү, өкүттө, арманда калуу. Бактысы баштан тайганда, «Аттиң» деп оозун карманат (Осмонкул). – Кой каралдым, ...эреже бузуп, ырк бузуп, кийин кинээ сөз угуп, өмүр бою өкүнүп, оозуңду карманба?! (Касымбеков). Бүбү өзү деле жыргаган түрү жокко, оозун карманып жүргөндүр да, адам бир адашат тура (Өгөбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айткан сөзүн толук аткаруу, анын айткан дегени менен болуп туруу. Бул датканын баасы, ордодогу салмагы жөнүндө кеп болгондо бүтАнжиянжурту оозун караганы баарыга дайын... (Касымбеков). Илгертен бери ...элдин бардыгы биздин оозубузду карашчу эле, ынтымак кетти (Жантөшев). Кишилер Нүзүптүн оозун карап калышты (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айткан сөзүн толук аткаруу, анын айткан дегени менен болуп туруу. Бул датканын баасы, ордодогу салмагы жөнүндө кеп болгондо бүт Анжиян журту оозун караганы баарыга дайын... (Касымбеков). Илгертен бери элдин бардыгы биздин оозубузду карашчу эле, ынтымак кетти (Жантөшев). Кишилер Нүзүптүн оозун карап калышты (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тизгинди коё берип катуу чаап жөнөө, атын катуу чабуу. Каныбек менен Темир атынын оозун кое берип, кандай темингендерин байкабай калды (Жантөшев). Далдак атынын оозун кое берип, камчы басып качат (Осмоналиев). ...Атынын оозун кое берип, жолду жол дебей камчы ура кыштакка дыр койду (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тизгинди кое берип катуу чаап жөнөө, атын катуу чабуу. Каныбек менен Темир атынын оозун коё берип, кандай темингендерин байкабай калды (Жантөшев). Далдак атынын оозун коё берип, камчы басып качат (Осмоналиев). ...Атынын оозун коё берип, жолду жол дебей камчы ура кыштакка дыр койду (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Курулай көтөрүлүү, мактануу, оозу менен опуруп-жапырып кыйратам, жыргатам дей берүү. - Бул баланын дагы эшек курту мурдунан түшө элек да, ошон үчүн оозун көптүрүп сүйлөп атат, -деди Бейшебаев сөзгө кошулуп (Жусубалиев). Алгачкы ийгилигине делөөрүгөн жаш жигит оозун көптүрүп жагынуу үчүн айтып койгондур (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Курулай көтөрүлүү, мактануу, оозу менен опуруп-жапырып кыйратам, жыргатам дей берүү. – Бул баланын дагы эшек курту мурдунан түшө элек да, ошон үчүн оозун көптүрүп сүйлөп атат, – деди Бейшебаев сөзгө кошулуп (Жусубалиев). Алгачкы ийгилигине делөөрүгөн жаш жигит оозун көптүрүп жагынуу үчүн айтып койгондур (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Колунда бар болсо да дайыма «жок» дей берүү, «жоктон» башканы айтпоо. Мына азыр үрүмдөн табылбас малды алдыга жайыт коюп олтурсам, ооздорун куу чөп менен аарчышат (Айтматов). Сансыз малдуу Сараңбай «жок», «жок» деп оозун куу чөп менен аарчый берип, акыры бүт байлыгы ташка айланып калгандай, дурус чыгарманы каралап, аны жокко чыгаргандан башканы билбеген санчынын артында кандай эмгек калат? («Кыргызстан маданияты»). Качан болсо, оозуңду куу чөп менен аарчып жүрөсүң (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунда бар болсо да дайыма «жок» дей берүү, «жоктон» башканы айтпоо. Мына азыр үрүмдөн табылбас малды алдыга жайып коюп олтурсам, ооздорун куу чөп менен аарчышат (Айтматов). Сансыз малдуу Сараңбай «жок», «жок»деп оозун куу чөп менен аарчый берип, акыры бүт байлыгы ташка айланып калгандай, дурус чыгарманы каралап, аны жокко чыгаргандан башканы билбеген сынчынын артында кандай эмгек калат? («Кыргызстан маданияты»). Качан болсо, оозуңду куу чөп менен аарчып жүрөсүң (Байтемиров). В.: Оозун куу чөп менен сүртүү. Андайда бир гана сары эсеп оозун куу чөп менен сүртпөсө, Сыдыйың жылаңач баатыр эмеспи («Кыргызстан маданияты»). Оозун куу чүпүрөк менен аарчуу. Оозуңду куу чупүрөк менен аарчыбай көрсөтүүчү сыйың болсо алып чык, келиндер жарыша сүйлөдү («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сүйлөй тургандай болуу, сүйлөп жибергиси келүү, бир нерсени айтууга камдануу. Ажар жакшы эле оозун таптап, чыкпасаңчы деп айтайын деп, бирок айта албады (Жоошбаев). ... Ачуусу келип чыңалып, оозун таптап баратканда жашыраактар түрткүлөп алып чыгып кетишти (Абдукаимов). Шарип дагы бирдеме айтчудай оозун таптап барып, ичинен күңгүрөнүп тим болду (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйлөй турган болуп баруу, сүйлөп жибергиси келүү. Шарип дагы бирдеме айтуучудай оозун таптап барып, ичинен күңгүрөнүп тим болду (Бейшеналиев). Ачуусу келип чыңалып, оозун таптап баратканда жашыраактар түрткүлөп алып чыгып кетишти (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сөзүн угуу, айткан-дегенине көңүл бөлүү. Жыйын анын оозун тиктеп тирилип калды (Касымбеков). Кайра дым болуп, баары Ажыбай датканын оозун тиктеп калышшы (Касымбеков). А Шерали-хан башка бийлер сыяктуу эле аңкайып оозун тиктеп отурду (Касымбеков). 2. Айткан-дегенинен чыкпоо, көзүн карап туруу. Сары-Өзөктүн элинин баары оозун тиктеп эле жалдырап отурса дегенде эки көзү төрт... (Айтматов). Жана эле оозун тиктеп отурган элдин эми ага кабагы кирдүү (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Сөзүн угуу, айткан-дегенине көңүл бөлүү. Жыйын анын оозун тиктеп тирилип калды (Касымбеков). Кайра дым болуп, баары Ажыбай датканын оозун тиктеп калышты (Касымбеков). А Шерали-хан башка бийлер сыяктуу эле аңкайып оозун тиктеп отурду (Касымбеков). 2. Айткан-дегенинен чыкпоо, көзүн карап туруу. Сары-Өзөктүн элинин баары оозун тиктеп эле жалдырап отурса дегенде эки көзү төрт... (Айтматов). Жана эле оозун тиктеп отурган элдин эми ага кабагы кирдүү (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дайыма жакшы тамак-аштын, сыйдын үстүнөн чыгуучу, жакшы тамактан жолдуу. Пайгамбар барына азыр, оозуңардын салуусу бар балдарым турбайсыңарбы (Бейшеналиев). Оозунун салуусу бар экен кургурумдун (Бейшеналиев). Бакас дос, оозуңдун салуусу бар экен ээ (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дайыма жакшы тамак-аштын, сыйдын үстүнөн чыгуучу, жакшы тамактан жолдуу. Пайгамбар барына азыр, оозуңардын салуусу бар балдарым турбайсыңарбы (Бейшеналиев). Оозунун салуусу бар экен кургурумдун (Бейшеналиев). Бакас дос, оозуңдун салуусу бар экен ээ (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Антип айта бербе, байкап сүйлө, абайла деген мааниде зекүү, кекетүү иретиңде колдонулат. Бала сен оозуңа кара! – деп четки отурган адам ага түсүн үйрүдү («Ала-Тоо»). Оозуңа кара, кемсинтпе! (Осмоналиев). В.: Оозуңа карап сүйлө! Оозуңузга карап сүйлөңүз, бай, – деди кайран бала жалтанбастан Мырзабекке (Баялинов). – Эмне дейт! Оозуңа карап сүйлө! Мен да сыйлуу конок (Эшмамбетов). Кой айланайын, сага эч ким теңелбейт, оозуңа карап сүйлө! (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗУҢА КАРА Оозуңузга карап сүйлөңүз, бай, -деди кайран бала жалтанбастан Мырзабекке (Баялинов). - Эмне дейт! Оозуңа карап сүйлө! Мен да сыйлуу конок (Эшмамбетов). Кой айланайын, сага эч ким теңелбейт, оозуңа карап сүйлө! (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Коркунучтуу кабар, жагымсыз, начар сөз айтып жибергенде «токтот», «андай дебе», «айтканың келбесин», «андай болбосун» деп кагуу маанисинде колдонулат. Сөзүн бүткөрө койбой катыны: «Оозуңа кара таш! Дөөрүгөнүң ылайым өз башыңа жетсин»(Жигитов). В.: Оозуңа таш! Оозуңа таш, какшанган жаагың сынгыр! («Ала-Тоо»). А кокус менден башка бирөөгө буйруса эмне болот эле мунара? Оозуңа таш! дейм өзүмдү өзүм (Акматов). – Оозуңа таш! – деп айтып, бешинчи киши... отурган жеринен тура калды (Осмоналиев). Таш оозуңа! Таш оозуңа! Эмне деп жатасың (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Коркунучтуу кабар, жагымсыз, начар сөз айтып жибергенде «токтот», «андай дебе», «айтканың келбесин», «андай болбосун» деп, кагуу маанисинде колдонулат. Сөзүн бүткөрө койбой катыны: «Оозуңа кара таш! Дөөрүгөнүң ылайым өз башыңа жетсин» (Жигитов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир кепти айтып койгондугу үчүн бирөөнү каргоо, наалат айтуу маанисинде колдонулат. Оозуңа келгир! Кандай неме айтты экен - деп, күйкөлөктөп каргап жатты («Ала-Тоо»). О, оозуңа келгир, айтып турганын кара мунун! («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир жакшылык же жакшы кабар жөнүндө билгизген кишиге карата сүйүнүү, толкундануу менен алкоо маанисинде колдонулат. Оозуңа май, айланайын, оозуңа май! Кана, окуп жиберчи! – деп Чотур сүйүнгөнүнөн эмне кылаарын билбей турду (Абдукаимов). – Оозуңузга май, атаке, айтканыңыз келсин, – деди жаңы көздүн ээси (Касымбеков). – Оо, оозуңа май, айланайын! Ме! Ме! – деп, жанында эбактан бери жүргөн акчаларын сүйүнчүлөп келген балага үстү-үстүнө чача карматып... (Медетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир жакшылык же жакшы кабар жөнүндө билгизген кишиге карата сүйүнүү, толкундануу менен алкоо маанисинде колдонулат. Оозуңа май, айланайын, оозуңа май! Кана, окуп жиберчи! - деп Чотур сүйүнгөнүнөн эмне кылаарын билбей турду (Абдукаимов). - Оозуңузга май, атаке, айтканыңыз келсин, - деди жаңы көздүн ээси (Касымбеков). -Оо, оозуңа май, айланайын! Ме! Ме! -деп, жанында эбактан бери жүргөн акчаларын сүйүнчүлөп, келген балага үстү-үстүнө чача карматып... (Медетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗУҢА КАРА ТАШ Оозуңа таш, какшанган жаагың сынгыр! («Ала-Тоо»). А кокус менден башка бирөөгө буйруса эмне болот эле мунара? Оозуңа таш! дейм өзүмдү өзүм (Акматов). -Оозуңа таш! - деп айтып, бешинчи киши... отурган жеринен тура калды (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кимдир бирөөнүн айткан кебине карата сенин айтканындай болуп калаар, айтканың туура чыгып калаар деп үмүт кылуу, ыраазы болуу маанисинде колдонулат. - Балким, агаң келип калар, оозуңда бардыр, айланайын («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдир бирөөнүн айткан кебине карата сенин айтканыңдай болуп калаар, айтканың туура чыгып калаар деп үмүт кылуу, ыраазы болуу маанисинде колдонулат. – Балким, агаң келип калар, оозуңда бардыр, айланайын («Ала-Тоо»). – Оозунда бардыр, адамдын оозунда болсо, алланын кулагында дейт (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сени айткын деп бирөө кыйнадыбы, айткан сөзүндүн азабын өзүң тарт деген мааниде айтылат. Сенин оозуңду бирөө тырмадыбы, эми анын эмнесине кейийсиң? («Ала-Тоо»). Төлөмүштүн оозун бирөө тырмадыбы? Шүк отур (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сени айткын деп бирөө кыйнадыбы, айткан сөзүңдүн азабын өзүң тарт деген мааниде айтылат. Сенин оозуңду бирөө тырмадыбы, эми анын эмнесине кейийсиң? («Ала-Тоо»). Төлөмүштүн оозун бирөө тырмадыбы? Шүк отур (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тап-такыр эч нерсе билбөө, бир нерсеге акылы жетип, өз алдынча ой жүгүртө албоо, макоолук кылуу. Оозуң кайсы десе, мурдун көрсөтүп тургандан кудай сактасын (Егиналиев). Мунуң оозуң кайсы десе, мурдун көрсөткөн неме экен, кишини жарытпайт го! - деп күлүп койду («Ленинчил жаш»). Кимиси кайсы жумуш аткарарын билбей, оозуң кайсы десең, мурдун көрсөтөт («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Таптакыр эч нерсе билбөө, бир нерсеге акылы жетип, өз алдынча ой жүгүртө албоо, макоолук кылуу. Оозуң кайсы десе, мурдун көрсөтүп тургандан кудай сактасын (Егиналиев). Мунуң оозуң кайсы десе, мурдун көрсөткөн неме экен, кишини жарытпайт го! – деп күлүп койду. Кимиси кайсы жумуш аткарарын билбей, оозуң кайсы десең, мурдун көрсөтөт («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч буйдалбай шакылдатып, тартынбай тез сүйлөө. Шволиканын оозу-оозуна жукпай сүйлөгөнүн кунт коюп угуп турду (Ашымбаев). В.: Оозу-оозуна тийбөө. Аның тим эле оозу-оозуна тийбеген неме экен го («Ала-Тоо»). Бул чоң согуш баарыбызды кырмак болду го! – деп, оозу-оозуна тийбей такылдады (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Анча көңүлдөнбөй, чын пейли менен эмес, кайдыгер гана. Тигил кишинин атын алгыла! - деген болуп ооз учунан урмат көрсөтүп коюшуп, өздөрү бой көтөрүшөт (Сыдыкбеков). Келген экөө ооз учунан Акбар менен эсендешти да, бел чечпестен калдая тарта орун алышты (Убукеев). Кээ бир учурларда маалымдуулук жана кайра куруу деген сөздөр ооз учунан айтылып жаткандай сезимдер пайда болуп жатты («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Анча көңүлдөнбөй, чын пейли менен эмес, кайдыгер гана. Тигил кишинин атын алгыла! – деген болуп ооз учунан урмат көрсөтүп коюшуп, өздөрү бой көтөрүшөт (Сыдыкбеков). Келген экөө ооз учунан Акбар менен эсендешти да, бел чечпестен калдая тарта орун алышты (Убукеев). Кээ бир учурларда маалымдуулук жана кайра куруу деген сөздөр ооз учунан айтылып жаткандай сезимдер пайда болуп жатты. В.: Ооз учу менен. Серкебай Алымбектин кунун төлөп берүүгө ооз учу менен макулдук берип, баш ийкеди (Осмоналиев). Анын ооз учу менен айткандары аялы менен балдарынын кулак учунан кетти (Каимов).