ООЗУҢА КАРА ТАШ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Коркунучтуу кабар, жагымсыз, начар сөз айтып жибергенде «токтот», «андай дебе», «айтканың келбесин», «андай болбосун» деп кагуу маанисинде колдонулат. Сөзүн бүткөрө койбой катыны: «Оозуңа кара таш! Дөөрүгөнүң ылайым өз башыңа жетсин»(Жигитов). В.: Оозуңа таш! Оозуңа таш, какшанган жаагың сынгыр! («Ала-Тоо»). А кокус менден башка бирөөгө буйруса эмне болот эле мунара? Оозуңа таш! дейм өзүмдү өзүм (Акматов). – Оозуңа таш! – деп айтып, бешинчи киши... отурган жеринен тура калды (Осмоналиев). Таш оозуңа! Таш оозуңа! Эмне деп жатасың (Сыдыкбеков).