Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сүйлөп жаткан адамдын сөзү бүтө электе эле өз сөзүн айтып кирүү, сөзүн жыра тартуу, аны токтоого аргасыз кылуу. Ашырбек досуна айтарда, мергенчи оозунан сөзүн жулуп алды (Ашымбеков). -Мен эмне элди сага окшоп канап-бутап жеп жатыптырмынбы? –деди Муса, Абылкасымдын оозунан сөзүн жулуп алып (Абдукаимов).