ООЗДОН ООЗГО ӨТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Элге жайылып кетүү, биринен-бирине угулуп, дайын болуу, тарап кетүү. Батыйна жөнүндөгү кабар бат эле ооздон-оозго өттү (Сыдыкбеков). Чөмүч молдонун бул ыры ооздон оозго өтөт (Осмоналиев). Мейли жазылган жанытма казал жайылаар. Ооздон оозго, колдон колго өтөөр (Бейшеналиев). В.: Ооздон оозго жортуу. Канаттуу сөз, мурдагы Бошкойдун кордоосун тебелеп ооздон оозго жортту (Бейшеналиев). Ооздон оозго көчүү. Ал ооздон оозго көчүп, тоо арасында ырдалып келген (Осмоналиев). Маанилүү окуяларды угуу, кайталап айтылып, улам толукталып... ооздон оозго көчүү деген – себепкер адамдын беделин көтөрөт (Осмоналиев). Ооздон оозго тароо. Калмурзанын ыры ооздон оозго тарап, узун элдин учуна дейре угулат (Бейшеналиев). Жолуңда кездешкен айылдарды ...кырып-жоюп келаткан кабар ооздон-оозго тарап дүңкүлдөп жатты (Нурпеисов).