Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтар сөзүн таба албай, айтайын дегенин айта албай апкаарый же дапдаарый түшүү. Бопуш эмне кыларын билбей, оозуна да сөз кирбей, бир дал боло түштү (Мавлянов). Жүрөгү бир ысып, өлгөнү тирилгендей кубанып, оозуна сөз кирбей, комузду кармалап, сыйпалап туруп калды (Касымбеков). Чокондун оозуна сөз кирбей аптыгып калды (Абдыракманов).