ООЗУНАН СӨЗҮН ЖУЛУП АЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сүйлөп жаткан адамдын сөзү бүтө электе эле өз сөзүн айтып кирүү, сөзүн жыра тартуу, аны токтоого аргасыз кылуу. Ашырбек досуна айтарда, мергенчи оозунан сөзүн жулуп алды (Ашымбеков). – Мен эмне элди сага окшоп тоноп-бутап жеп жатыптырмынбы? – деди Муса, Абылкасымдын оозунан сөзүн жулуп алып (Абдукаимов).