ООЗУН АЧЫРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Абдан таңдандыруу, аябай таң калтыруу, өтө таңыркатуу. - Дал Фрунзенин өзүндө Нурийла экөөңдүн тоюңда атайын ага арнап ырдап, далайдын оозун ачырам, алаканын жыртам (Бейшеналиев). Мал аркасы менен далайдын оозун ачырып, далайдын кулагын делдейткен (Осмоналиев). -Тигил үйдө Кашгары ырчы сонун ырларды комузуна кошуп ырдап... боорубузду эзип, оозубузду ачырды (Бейшеналиев).