Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнү белгилүү максат үчүн коноктоп, сыйлап коюу, көңүлүн алуу же паралоо. Бай, старчындардын оозун майлап койгондуктан, аны колдойт (Абдукаримов). Кудайбергендин балдары чоңунун оозун майлап, кушчудагы туугандарынын алдына да барышкан (Каимов). 2. Кылмышын, айыбын билип калган адамга ооз басырык кылып бир нерсе берүү. Иштин түбү жаман жакка чаап баратканын байкаган соң пара-сараны басып берип, улуктун оозун майлап, аке-жакелеп араң кутулду («Ала-Тоо»).