Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтууга болбой турган, ыгы келбеген нерсени уялбай, ийменбей айтып салуу, каратып туруп калп айта берүү. Оозу-мурдуң кыйшайбай туруп кантип айттың ушуну (Байтемиров). ...Окуучулардын ордуна башка жандыктарды окутуп каларына күнөм жок экендигин оозу-мурду кыйшайбай жазса соо киши күлөт да! (Жусубалиев). Ошондо оозу-мурду кыйшайбай туруп эле «ат табылганча аяк улоо» деди (Саатов). В.: Оозу-мурду кыйышпай. Айтор оозу-мурду кыйышпай туруп, жакында ишке киришебиз десе болобу («Чалкан»).