Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айттырбоо, сүйлөтпөө, сүйлөтпөй тыйып коюу, токтотуу. Кокуй оозуңду баса тур, байкабай айтып жибердим, – дегендей шек берди (Ашымбаев). Ачуусу келе түшкөн неменин андан бетер жинине тийгиси келбей, Мырзабек оозун басты (Абдукаимов). Үмүткандын тышынан коргоп, астыртан болушуп, Үмүткандын артынан айтылган ушак-айың айта койгондордун оозун басып жүрөт (Өгөбаев). В.: Оозун жап кылуу. – Эми, мырза, ошент оозуңду жап кыл, айтып коеюн, ыраазы кылам... (Касымбеков). Акча берип оозун жап кылды.