ООЗУНА АЛЫ ЖЕТПӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Уккан-көргөнүн, алды-артын байкабай көрүнгөн жерде айта берүү. Жөн эле айта бересиңби, найсап! Эмне оозуңа алың жетпейби? (Саатов). Оозуна алы жетпеген үйлөп учурбайбы!? (Касымбеков). Эмне үчүн ушуга окшогон оозуна алы жетпеген аялдар өздөрүн кыйын ойлошот («Советтик Кыргызстан»).