Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Сөзүн угуу, айткан-дегенине көңүл бөлүү. Жыйын анын оозун тиктеп тирилип калды (Касымбеков). Кайра дым болуп, баары Ажыбай датканын оозун тиктеп калышты (Касымбеков). А Шерали-хан башка бийлер сыяктуу эле аңкайып оозун тиктеп отурду (Касымбеков). 2. Айткан-дегенинен чыкпоо, көзүн карап туруу. Сары-Өзөктүн элинин баары оозун тиктеп эле жалдырап отурса дегенде эки көзү төрт... (Айтматов). Жана эле оозун тиктеп отурган элдин эми ага кабагы кирдүү (Касымбеков).