ООЗУНА КЕП КИРБӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Эмне айтарын билбей дендароо боло түшүү, жооп таап кайтара албай оозунан кеби түшүү. Курманжан оозуна кеп кирбей кеңгиреп, жүрөгү капилеттен торго чалынган чымчыктай алдас ура тыбырап, тула боюнан тер кетип, отуруп калды (Касымбеков). Мына, Маамыт баягы сүрдөгөн оозуна кеп кирбей калган малай Маамыт боюнча эмес – Ташкенден окуган, партияга алынган, кантордун бир белдүү кызматчысы (Касымбеков).