Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Курулай көтөрүлүү, мактануу, оозу менен опуруп-жапырып кыйратам, жыргатам дей берүү. – Бул баланын дагы эшек курту мурдунан түшө элек да, ошон үчүн оозун көптүрүп сүйлөп атат, – деди Бейшебаев сөзгө кошулуп (Жусубалиев). Алгачкы ийгилигине делөөрүгөн жаш жигит оозун көптүрүп жагынуу үчүн айтып койгондур (Бейшеналиев).