ООЗУН КУУ ЧӨП МЕНЕН ААРЧУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Колунда бар болсо да дайыма «жок» дей берүү, «жоктон» башканы айтпоо. Мына азыр үрүмдөн табылбас малды алдыга жайыт коюп олтурсам, ооздорун куу чөп менен аарчышат (Айтматов). Сансыз малдуу Сараңбай «жок», «жок» деп оозун куу чөп менен аарчый берип, акыры бүт байлыгы ташка айланып калгандай, дурус чыгарманы каралап, аны жокко чыгаргандан башканы билбеген санчынын артында кандай эмгек калат? («Кыргызстан маданияты»). Качан болсо, оозуңду куу чөп менен аарчып жүрөсүң (Байтемиров).