ООЗУ АЧЫЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бир нерсеге аябай таң калуу, таңданып, делдейип туруп калуу. Жеңем Лайлыкандын ыйлаганын көрүп, оозу ачылып, корко баштады (Жантөшев). – Ой, көрбөгөндөчү, укмуш болду. Оозум ачылып калыптыр. Күч деп ушуну айт (Айтматов). ...Эки өркөч төөдөн башка тирүү жан жок жерде да адам турат экен деп ооздору ачылып өтүп жатпайбы (Айтматов).