ООЗУН ЖЫЙЫП АЛГЫЧА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Айтып бүткүчө, сөзүнүн аягына чыккыча, айтып бүтө электе. Ирина оозун жыйып алгыча, сырткы эшикти бирөө какты (Жантөшев). Оозун жыйып алгыча, Жетип Алмаң барды эми («Манас»). Какшап айтып Манаска, Оозун жыйып алгыча («Манас»).