Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтып жаткан сөзүн аяктай албай, эмне дээрин, эмне айтарын билбей далдырап туруп калуу, апкаарый түшүү. Бек оозунан сөзү түшүп, эмне дээрин билбей, селдейип калды (Каимов). Бий алдына барганда мындан бетер момпоюп-тымпыйып, оозубуздан сөз түшөт (Сыдыкбеков). Курманжан оозунан сөзү түшүп, кабагын үйрүй тиктеп калды (Касым-беков).