Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айттырбоо, сүйлөтпөө, сүйлөтпөй тыйып коюу, токтотуу. Кокуй оозуңду баса тур, байкабай айтып жибердим, -дегендей шек берди (Ашымбаев). Ачуусу келе түшкөн неменин андан бетер жинине тийгиси келбей, Мырзабек оозун басты (Абдукаимов). ...Үмүткандын тышынан коргоп, астыртан болушуп, Үмүткандын артынан айтылган ушак-айың айта койгондордун оозун басып жүрөт (Өгөбаев).