ООЗУН ЖЫЙЫП АЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Сөзүн айтпай токтоп калуу, айтып аткан сөзүн токтото коюу. Мамыт акенин кыйыгына тийбейин дедиби оозун жыйып алды. Ал кат бизде, -деп жибере жаздап оозун жыйып алды (Ашымбаев). Кундуз демин ичине жыйып, жакшы эле бир нерсе айтмакчы болот деле кайра ошого жүрөгү даап бара албай оозун жыйып алат (Акматов).