Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Ашыра ичүү, өлчөмүнөн көп ичип -жеп коюу. Ичимдиктерди тапшырышып келишип, күбү менен быштырып коюп тойгончо, алтургай оозу-мурундарынан чыкканча ичишиптир (Мавлянов). Үйдө болгон тамакты оозу-мурдунан чыкканча шыкады (Бердикеев). Эт, май, чайды оозу-мурдунан чыгарып шыкап турбаса, чукчуюп кабагын ачпаган неме (Кыдырмышев). 2. Ай-күнүнө жетип, төрөрүнө жакындап калуу (кош бойлуу аялга карата). Аялынын оозу-мурдунан чыгып турат. - Былжыраба! Башка кесир кылба. Оозу-мурдунан чыгып турса (Садыбакасов).