Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтып бүткүчө, сөзүнүн аягына чыккыча, айтып бүтө электе. Ирина оозун жыйып алгыча, сырткы эшикти бирөө какты (Жантөшев). Оозун жыйып алгыча, Жетип алмаң барды эми («Манас»). Какшап айтып Манаска оозун жыйып алгыча («Манас»). Ал киши оозун жыйып алгыча, алачык ичи жарк этти (Жантөшев). В.: Оозун жыйгыча. Оозун жыйгыча эки жеңеси колтуктаган Назгүл кирди (Осмоналиев). Андай-мындай дегиче Айтып оозун жыйгыча («Эр Төштүк»). Деп ошентип Күлчоро Айтып оозун жыйгыча («Сейтек»). Оозун жыя электе. Сагын оозун жыя электе тоо эчкини жонуна арчындатып, бараңын асынган калыбында Кулу эшиктен баш бакты (Осмоналиев). Оозун жыйып ала электе. Бул өзү бара жаткан чабаганчы, Деп Мамбет оозун жыйып ала электе, Бет алып экөөн көздөй бура тартты (Турусбеков).